О! мобилдик оператору «Улуу Жеңиш!» акциясынын жыйынтыктарын чыгарды

18.05.2017 Жакында эле Кыргызстан өтө маанилүү майрамдардын бирин – Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүн белгиледи. О! мобилдик оператору салт боюнча «Улуу Жеңиш!» акциясынын чегинде ар бир адамга биздин келечегибиз үчүн күрөшкөндөрдүн баарына бир аз да болсо алардын жашоосун жеңилдетүүнү жана өз салымын кошууну сунуштады.

О!нун миңдеген абоненттери бул чакырыкка жооп кылышты: кимдир бирөө SMS жөнөттү, дагы бири жөн гана 1945 номерине чалды. Көптөрү бир нече жолу жасашты жана жыйынтыгында 80 060 сом өлчөмүндө акча каражаттары чогулду. Бүткүл сумма салтанаттуу түрдө «Кыргыз Республикасынын республикалык согуштун ардагерлеринин, куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана оруктагы эмгекчилердин кеңеши» коомдук бирикмесине өткөрүп берилди. УАМС ардагерлеринин бир-экөөсү гана иш-чарага катыша алышты, бирок келе алгандар өздөрүнүн жакшы маанайы менен сүйүнтүштү жана О!нун бардык абоненттерине жардам үчүн ак ниеттүү сөздөрүн айтышты. Андан ары бүткүл сумма бирикменин тизмесине ылайык бирдей бөлүштүрүлөт.

Түйүндүн миңдеген абоненттеринин жардамын аябагандыгынан улам ишке ашырылган акциядан тышкары, О! мобилдик операторунун кызматкерлери өз алдынча компания боюнча акча каражаттарын чогултууну уюштурушту, алар УАМС ардагерлерин колдоого багытталды. Волонтерлор ардагерлердин үйлөрүнө барышып, аларга тамак-аш продуктыларын жана чарбага керектүү буюмарды тапшырышты. Чачтарын бурул баскан баатырлар мындай көңүлгө канчалык кубанычта болгондугун айтуу зарылбы…

«Өздөрүнүн ооздорунан согуш тууралуу айткандарын угуу кызыктуу болду. Биз орукта эмгектенгендердин уйку тартпаган түндөрү жөнүндө билдик, 2-класстагы окуучу кыздын окуясын укуктук, ал 8 гектар жерди иштетип, түшүм жыйнап жана аларды Кантка чейин араба менен жеткирчү экен, андан кийин үрөөндү тапшыруу үчүн түнү бою кезекте турчу экен, - деп өз сезимдери менен волонтерлор бөлүшүштү. – Солдаттын тарыхы да таң калтырды, ал бул согушка 10 жылдык өмүрүн берген экен. Баса, ал "Атага Кат" клибине тартылыптыр. Тагдырдын тамашасы менен, анын тагдыры ушул ырдын клибиндегидей болуптур, аны үйүнөн өз баласы кууп жиберген. Дагы бир чекисттин окуясы да өтө кызыктуу болду, ага туткунга түшкөн фашист ит берген экен. Бул чоң ата азыр 96 жашта, ал ырларды жаттап, аларды көркөм окуйт экен».

Эч ким унутулбайт! Эч нерсе унутулбайт!


Тизмеге кайтуу