Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору «Видеопортал» жаңы кызматын ишке киргизди, ал аркылуу компаниянын абоненттери популярдуу фильмдерди, сериалдарды, видеоклиптерди, мультфильмдерди орус жана кыргыз тилдеринде көрүү үчүн видеоконткетке кире алышат. О! тармагында www.video.o.kg порталынан видео көрүүдө мобилдик интернеттин трафиги тарифтештирилбейт.
«Бүгүнкү күнү онлайн-видео – интернет тармагындагы контенттин эң популярдуу сегменти. «Видеопортал» жаңы кызматы менен О!нун ар бир абоненти өз мобилдик телефонун кичинекей телевизорго айланта алат. www.video.o.kg порталында видеоконтент ыңгайлуу каталогдоштурулган жана издөө караштырылган. Кызматты колдонуу үчүн атайын сыр сөздү киргизүү гана жетиштүү, ал кызматты кошкондо SMS түрүндө келет. Эң башкысы – видео жүктөөгө корой турган интернет-трафик акысыз!», — деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Кызматты кошу үчүн абонент *789# буйрутмасын териши керек. Абоненттик төлөм күнүнө 7 сом (КНС эске алып, СС кошпогондо). Ошондой эле кызмат үчүн акысыз байкап көрүү мезгили бар – 3 күн.
«Видеопортал» кызматы жөнүндө кенен маалымат www.video.o.kg сайтында жеткиликтүү.

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! командасынын аракети менен Бишкекте дагы бир жашыл аймак пайда болду

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!
Бардык жаңылыктар