Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору корпоративдик кардарлар үчүн SK Telecom (Корея), Entel (Чили) жана ATM Mobilis Algeria (Алжир) операторлорунун түйүнүндө роумингдин жаңы багыттарын ишке киргизди. Эми О!нун абоненттери SK Telecom (Корея) жана Entel (Чили) операторлорунун түйүндөрүндө сапаттуу добуштук байланышты жана мобилдик интернетти колдоно алышат, ал эми ATM Mobilis Algeria (Алжир) түйүнүндө арзан баадагы интернет-роумингди колдонушат.
«О! мобилдик оператору өзүнүн ишинин эң башынан тарта кардарлар үчүн байланыш кызматын Кыргызстандын аймагында гана эмес, бүткүл дүйнө боюнча үзгүлтүксүз өнүктүрүп жатат. Биздин команданын аракети менен О!нун абоненттери роумингди 160 ашык өлкөдө колдоно алышат, ал эми популярдуу багыттар боюнча тарифтер бир топ төмөндөп жатат. Биз мобилдик баарлашууну саякатчылар үчүн максималдуу арзан жана ыңгайлуу кылууга умтулуп жатабыз!», – деп О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов билдирди.
Эл аралык роуминг кызматтарына үнөмдүү тарифтер О!нун абоненттерине абоненттик төлөмдөрсүз жана жашыруун төлөмдөрсүз жеткиликтүү. «Роуминг» кызматы мобилдик байланышты SIM-картаны алмаштырбастан Кыргызстандын чегинен тышкары колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматты кошуу үчүн биздин өлкөнүн чегинен чыгып кетээрдин алдында *996# буйрутмасын терүү жетиштүү, ал эми интернет-роумингди кошуу үчүн *997# терүү керек.
Роумингде О!нун мобилдик байланыш жана интернет кызматтарын көрсөтүү шарттары менен компаниянын сайтынан www.o.kg таанышууга болот.
O!Store’до HONOR смартфондору белектер менен коштолот: рюкзак, термос жана башка керектүү буюмдар
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы «О!Мамлекеттик» тарифи
О! операторунан Java-иштеп чыгуучулар үчүн акысыз стажировкага кабыл алуу старт алды
Шылуундар өздөрүн О! кызматкери катары тааныштырып, SMS-коддорду билүүгө аракет кылып жатышат
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар