Акыркы жаңылыктар
Үйдө жүргөндөй эле, О! түйүнүнүн кардарлары чет өлкөдөн добуштук байланышты кошумча буйрутмаларды терип отурбастан, арзан тарифтер боюнча колдонуп, өз мобилдик эсебин реалдуу убакыт режиминде текшерип турат, бул өтө ыңгайлуу.
Mobily (Сауд Аравиясы) жана DU (БАЭ) операторлору менен роумингди ишке киргизүүдөн улам, О! мобилдик операторунун бардык абоненттери уникалдуу колориттеги чеги жок чөлдөрү жана кумдуу дөбөлөрү бар өлкөлөрдө саякаттан жүргөн учурда, өз номерин алмаштырбастан дайыма байланышта боло алышат.
Үйдө жүргөндөй эле, О! түйүнүнүн кардарлары чет өлкөдөн добуштук байланышты кошумча буйрутмаларды терип отурбастан, арзан тарифтер боюнча колдонуп, өз мобилдик эсебин реалдуу убакыт режиминде текшерип турат, бул өтө ыңгайлуу.
4G роумингин ишке киргизүү жөнүндө жаңы макулдашуулар SK Telecom (Корея), CTM (Макао) операторлору менен да түзүлдү, мунун натыйжасында О!нун корпоративдик абоненттери маалыматтарды топтомдук берүү кызматын чет өлкөлөрдө жогорку ылдамдыкта колдоно алышат. Мындан тышкары, корпоративдик абоненттер үчүн Mobile One (Сингапур) операторунун түйүнүндө маалыматтарды топтомдук берүү кызматы да мүмкүн болуп калды.
О! мобилдик операторунан роуминг – дүйнөнүн каалаган бурчунда байланыш!
Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо
О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ МААЛЫМДАЙТ
Жетишпеген – смартфонсуз калды! О!Store дүкөндөрүндө сатып түгөтүү аягына чыгып жатат
Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз
Май майрамдарына чейин кошконго жетишип калыңыз: үй-бүлөңүз ар дайым байланышта жана көптөгөн көңүл ачуулар бар!
Бардык жаңылыктар