Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Velcom (Беларусь) түйүнүндө интернет-роуминг, ошондой эле MTS (Россия), Babilon Mobile (Таджикистан) жана Softbank (Япония) түйүндөрүндө 4G-роуминг ачты. Эми ушул өлкөлөрдүн аймактарындагы О!нун абоненттери сапаттуу мобилдик интернетти арзан баада колдоно алышат.
«Биз саякатчылар үчүн мобилдик баарлашууну максималдуу арзан жана ыңгайлуу кылууга умтулабыз. Чет өлкөдө маалыматтарды берүү кызматына арзан тарифтер О!нун абоненттерине колдонуп жүргөн көнгөн профилин сактап калууга: социалдык тармактарда жана дароо жетүүчү билдирүүлөр кызматынын жардамы менен баарлашууга, электрондук почтаны текшерүүгө, сайттарга кирүүгө мүмкүндүк берет», - деп билдирди О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
Эл аралык роуминг кызматтарына абоненттик төлөмсүз жана жашыруун төлөмдөрсүз үнөмдүү тарифтер О!нун абоненттерине жеткиликтүү. «Роуминг» кызматы мобилдик байланышты Кыргызстандан тышкары жүргөндө да SIM-картаны алмаштырбастан колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматты кошуу үчүн биздин өлкөдөн чыгаардын алдында *996# буйрутмасын терүү жетиштүү, ал эми интернет-роуминг кошуу үчүн - *997# терүү керек.
О!нун роумингде мобилдик байланыш жана интернет кызматтарын көрсөтүү шарттары менен компаниянын сайтынан www.o.kg таанышууга болот.
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы «О!Мамлекеттик» тарифи
О! операторунан Java-иштеп чыгуучулар үчүн акысыз стажировкага кабыл алуу старт алды
Шылуундар өздөрүн О! кызматкери катары тааныштырып, SMS-коддорду билүүгө аракет кылып жатышат
О! Мобилдик оператору маалымдайт
O!Store Ош шаарынын тургундарын шоу-программа жана белектер менен коштолгон жаңы филиалдын ачылышына чакырат!
Бардык жаңылыктар