Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Чыгыш-5 кичирайонунда (Бишкек ш.) жаңы сатуу жана тейлөө кеңсеси ачылгандыгы жөнүндө маалымдайт. Жаңы кеңседе кардарлар телекоммуникация кызматтарынын толук комлексин ала алышат. Бул жерден каалаган тарифти кошуп, чыгымдардын детализациясын алып, мобилдик байланышка байланышкан каалаган маселе боюнча кеңеш алып, SIM-картаны калыбына келтирип, балансты комиссиясыз толтуруп, 4G-түзүлүштөрдү сатып алыса болот.
«Жаңы кеңселердин ачылышы кардарларга биздин кызматтардын колдоно алышын бир топ жеңилдетет. Биз компаниянын жана абоненттин өз ара аракеттенүүсүн ыңгайлуу кылууга аракет кылабыз, ошол себептен керектөөчүлөргө жакын болушу керек деген көз караш менен, кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн зарыл деңгээлин камсыз кылуудабыз. Биздин абоненттер жаңы кеңсени жогору баалайт деп ишенем, себеби ал жактан кеңеш алып, өз көйгөйлөрдү гана чечпестен, О!нун фирмалык түзүлүштөрүн арзан баада сатып алса да болот», – деп компаниянын сатуу жана тейлөө кеңселер тобунун жетекчисинин орун басары Бегайым Алыбаева айтып берди.
О!нун жаңы кеңсеси Чыгыш-5 кичирайону, Чүй пр. 32Б, 1 –кабат дарегинде жайгашкан, кардарларды күн сайын 09:00 дөн 19:00 чейин тыныгуусуз кабыл алат.
Азыркы күндө Кыргызстанда О!нун 60 ашык сатуу жана тейлөө кеңсеси иштейт. Сиздин шаардагы жакынкы кеңсеинин дарегин компаниянын расмий сайтынан www.o.kg билүүгө болот.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Батыраак O!Store'го: аксессуарларга –31% жана Honor'дон сонун белектер

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
Бардык жаңылыктар