Кыргызча
18 мая 2026

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

Роумингде 5Gны ишке киргизүү – бул саякатчылар үчүн жаңы ыңгайлуулук стандарты.

О! Мобилдик оператору эл аралык роумингде өз абоненттерине чет өлкөдө интернетке өтө ылдам жетүүнүн жаңы доорун ачуучу 5G технологиясын ишке киргизгенин жарыялайт.

Учурда О! абоненттери үчүн 5G тармактарына катталуу Казакстан жана Өзбекстанды кошкондо, эң популярдуу өлкөлөрдүн аймагында жеткиликтүү.

Роумингде 5Gны ишке киргизүү – бул саякатчылар үчүн жаңы ыңгайлуулук стандарты оор контентти заматта жүктөп алууга, UltraHD сапаттагы видео чалууларды жүргүзүүгө жана булут кызматтарын минималдуу кечигүү менен колдонууга мүмкүндүк берет.

Дүйнөнүн 65+ өлкөсүндө интернет-пакеттер: 65%га чейин арзандатуулар

Чет өлкөдө интернетти колдонуу тез гана эмес, абдан пайдалуу болушу үчүн, О! интернет-топтомун сунуштайт.

Интернетти дүңүнөн алуу – бул абдан үнөмдүү вариант: сиз эң популярдуу туристтик багыттар боюнча стандарттык тарифке салыштырмалуу 65%га чейин сонун арзандатууга ээ болосуз:

• 500 МБ интернет-топтому – кыска сапарлар жана мессенджерлерде баарлашуу үчүн эң жакшы тандоо.
• 1 ГБ интернет-топтому – карталарды активдүү колдонуу, маалымат издөө жана социалдык тармактар үчүн.
• 3 ГБ интернет-топтому – жумушка жана көңүл ачууга толук кандуу жеткиликтүүлүк маанилүү болгондор үчүн, чектөөсүз.

Бардык пакеттер 30 күнгө чейин иштейт, бул узак мөөнөттүү эс алууларды да ыңгайлуу пландаштырууга мүмкүндүк берет. Кызматтарды «Мой О!» тиркемесинен кошууга болот.

Кошулуу, пакеттердин баасы жана өнөктөш өлкөлөрдүн тизмеси тууралуу толук маалыматты оператордун o.kg расмий сайтынан же «Мой О!» тиркемесинен тапсаңыз болот.

«НУР Телеком» ЖЧК. КР МТжБМК алдындагы МБАнын 2016-жылдын 6-декабрында берилген №16-0062-КР, №16-0063-КР лицензиялары.