Акыркы жаңылыктар
Жыл сайын О! Мобилдик оператору алдын ала күчтүү даярдыгы менен майрамдык “туу чокуну” татыктуу ашып келет. Ошентип, О!нун абоненттери 2016-жылы 2 күн бою 31-декабрь жана 1-январь күндөрү мобилдик интернеттин терабайттарын пайдаланышып, миллиондогон чалууларды жүргүзүшкөн. Быйыл дагы компаниядан тармактын жогорку чектеги жүктөмдөргө даяр экендигин билдиришти.
Компаниянын инженерлери абоненттердин жайлуу баарлашуулары үчүн тармакта керектүү ырастоолорду жана добуштук сыйымдуулуктарын, ошондой эле маалыматтарды (Интернеттин) берүү каналдарын кеңейтүүнү ишке ашырышты. Бир жыл мурунку абалга салыштырмалуу куранттар каккан учурда абоненттерди тейлей турган 4G базалык станциялардын саны эки эсеге көбөйдү, ал эми өлкө боюнча базалык станциялардын сыйымдуулугу 2,5 эсеге кеңейтилди. Жүздөгөн жаңы базалык станциялар курулду, иштеп жаткан жабдуулар жаңыртылды. Жаңы жылдык түндө О! Мобилдик операторунун адистеринин нөөмөт тобу нон-стоп режиминде иштейт.
О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко:
«Биз ар түрдүү кызматтардын – интернет, добуштук, SMS кызматтарынын ортосундагы жогорку чектеги жүктөмдөрдүн өз ара бөлүштүрүү тенденциясын белгилесек болот. Эгер 2 жыл мурун кыргызстандыктар жаңы жылдын алгачкы сааттарында майрамы менен бири-бирине көбүрөөк чалып куттукташкан болсо, былтыркы жылы добуштук аквтидүүлүктүн жогорку чеги анча сезилген жок. Мындан тышкары, майрамдык баарлашуунун маанилүү бөлүгү акырындык менен интернетке өтүп кетти. Баары бир, жаңы жылдык учур биз үчүн – бир күндө эмес, тармакты куруп, пайдубалын түптөө менен бир жыл бою даярданган бекемдигибиздин айрыкча сыноосу болуп саналат. Биздин жасаган бардык иштерибиз жаңы жылдык түндө абоненттерге жайлуу баарлашууну камсыз кылат».
О! Мобилдик оператору баарыңыздарга бактылуу Жаңы жыл каалайт!

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар