Акыркы жаңылыктар
Дистанциондук билим берүү болот! Мугалимдер, окуучулар үчүн акысыз жана студенттер үчүн жеңилдетилген тарифтерге кошумча кылып, О! Мобилдик оператору дүйнө жүзү боюнча популярдуу билим берүүчү платформаларга интернет-трафикти нөлгө түшүрдү. Мурда бул ресурстар бардык колдонуучуларга өз курстарына, лекцияларына жана виртуалдык экскурсияларына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн беришкен.
STAYHOME.O.KG сайтына кир да, карантинди пайдалуу өткөр!
«Нетология», Codecademy, UDACITY жана Open Education Database аянтчалар жаңы кесиптерди өздөштүрүүгө жардам берет;
Ар түрдүү багыттар боюнча лекцияларды Все для студента, Academic Earth, OpenLearn ресурстарынан тапса болот;
Көптөн бери англис тилин үйрөнүүнү кыялданып жүрдүңүз беле? Skyeng онлайн-мектебине кош келиңиздер;
Интересуетесь базистик илимдерге кызыгасызбы, илимпоздордун, ишкерлердин, инженерлердин жана башка адистердин эксперттик пикирлерин уккуңуз келеби? Анда сизди TED конференциялардын сериясы жана ПостНаука долбоору кызыктырышы мүмкүн;
Китеп окуганды жакшы көргөндөр үчүн темаларды өз алдынча өздөштүрүүгө Biblioclub.ru, Альдебаран, RoyalLib.com көп миңдеген электрондук китепканалар туура келет.
Карантиндин аягында бардык О! абоненттери үчүн жогоруда аталган сайттарга серфинг кылганда трафик тарифтештирилбейт.
О! Мобилдик оператору мурда вирустун алдын алуу жана анын жайылышынан коргоо боюнча КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин hidoctor.kg, covid.gov.kg, virus.el.kg, 103.gov.kg сайттарынын, ошондой эле КРнын Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган bizdin.kg, inai.kg, digiskills.kg сайттарынын расмий маалыматтарына трафик нөлгө түшүргөн.
Бирге окуйбуз! О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы «О!Мамлекеттик» тарифи
О! операторунан Java-иштеп чыгуучулар үчүн акысыз стажировкага кабыл алуу старт алды
Шылуундар өздөрүн О! кызматкери катары тааныштырып, SMS-коддорду билүүгө аракет кылып жатышат
О! Мобилдик оператору маалымдайт
O!Store Ош шаарынын тургундарын шоу-программа жана белектер менен коштолгон жаңы филиалдын ачылышына чакырат!
Бардык жаңылыктар