О! мобилдик оператору телефон шылуундарынан коргонуудагы маанилүү эрежелер жөнүндө айтып берди
О! мобилдик оператору өтө сак болууга жана тааныш эмес номерлерден келген чалууларга кыраакылык көрсөтүүгө чакырат – булар шылуундар болушу мүмкүн.
Эстен чыгарбаш керек болгон эң башкы нерсе – банктардын, мобилдик операторлордун жана башка уюмдардын кызматкерлери эч качан сырсөздөрдү, жеке маалыматтарды сурабайт, кандайдыр бир буйрутмаларды терүүнү же кайсы бир шилтемеге кирүүнү өтүнбөйт.
Сизден башка ЭЧ КИМ билбеши керек болгон маалыматтар:
-
SMS менен келген жеке коддор;
-
картанын арткы тарабындагы CVV/CVC код;
-
мобилдик жана интернет-банкингдеги жеке кабинеттерге кирүү үчүн логин жана сырсөз.
Алдамчылык схемалары үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Төмөндө алардын айрымдары гана берилген.
Телефон аркылуу сүйлөшүүдө шылуундар сиз менен ар түрдүү манерада баарлашат: сизге кам көрүп жаткандай жайбаракат жана жагымдуу, же болбосо психологиялык басым көрсөтүү аркылуу орой жана көшөрүү менен сүйлөшөт. Ал тургай ишендириш үчүн атыңызды айтып дагы кайрылышы ыктымал. Кандай болгон учурда да, шылуундар бир эле максатты – телефондон буйрутманы терип, сүйлөшүп жаткан учурда SMS менен келген кодду айтууңузду жана бардык өтүнүчтөрүн аткарууңузду көздөйт.
Ошентип, кокусунан сизге бейтааныш адамдар чалып, кийинкидей сөздөрдү айтса же өтүнүчтөр менен кайрылса, анда алар - шылуундар:
- Сиз 200 миң сом кредит алыптырсыз, эгер кредитти сиз албасаңыз, анда мен бул өтүнмөнү видеобайланыш аркылуу жокко чыгарууга жардам берейин;
- Сиз жеке маалыматтарыңызды актуалдаштырышыңыз керек, антпесе номериңиз бөгөттөлүп, күйүп кетет. SMS менен келген кодду айтыңыз.
- SIM-картаңыздын жарамдуулук мөөнөтү бүтүп жатат, сиз байланышсыз калышыңыз мүмкүн. SMS менен келген кодду билдириңиз же азыр мен айткан буйрутманы киргизиңиз.
- Сиздин жеке кабинетиңизди бузуп киришкен, же болбосо жеке маалыматтар сыртка чыгып кеткен. Бузуп кирүүнү же маалыматтардын чыгуусун токтотуш үчүн SMS менен келген кодду айтыңыз.
- Сиздин атыңыздан ишеним кат менен кайрылышып, номерди башка кишиге кайра каттоону өтүнүп жатышат. Мен сизге номериңизди сактап калууга жардам берейин, мага SMS менен келген кодду айтыңыз.
Шылуундарга эч нерсени айтпаңыз, эч кандай өтүнүчүн аткарбаңыз жана сүйлөшүүнү мүмкүн болушунча тезирээк токтотуп коюңуз.
Мессенджерлерден ар кандай шилтемелерди жибериши мүмкүн, аларга кирүү менен жеке маалыматтарыңыздан кол жууп калуу коркунучу бар. Шылуундар сиздин тааныштарыңыздын аккаунттарын бузуп кирип, алардын атынан сизге төмөнкүлөрдү жазышы мүмкүн:
- сынакка катышып жаткан досуңузга добуш берүү өтүнүчү менен шилтеме жиберет;
- «досуңуз» карызга акча сурайт;
- сизди акчалай байге утуп алганыңыз жөнүндө шилтеме азгырып кетиши мүмкүн, ага киргенде атайын формага жеке маалыматтарыңызды жазуу талап кылынат.
Алданып калбаңыз!
Кыраакы болуңуз жана маалыматты текшериңиз. Тез жана оңой акча табуу жөнүндө сунуштарга ишенбеңиз. Окуя тууралуу 102 номери боюнча милицияга билдириңиз.
Шектүү номерлер жөнүндө О! кардарларын күнү-түнү тейлөө кызматына билдирсе болот:
-
WhatsApp: https://wa.me/996705700700;
-
Telegram: @o_mobile_operator_bot;
-
o.kg сайтындагы онлайн-чаттан;
-
ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөр аркылуу.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБМТК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.