Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору бүткүл республика боюнча абоненттер үчүн өзүлөрүнүн сатуу жана тейлөө кеңселеринин тармагын кеңейтүүнү улантып жатат! Өлкөнүн бардык областтарында жаңы форматтагы O!Store дүкөндөрүн жайгаштыруу активдүү темп менен өсүп жатат. Жакында эле Токмок шаарындагы жаңыланган O!Store өз эшигин ачты, эми бул шаардын жашоочулары жаңы смартфон, фирмалык O!Phone же модалуу аксессуар сатып алуу үчүн Бишкекке барышпайт. Дүкөн 9.00 дөн 18.00 гө чейин Горький көчөсү, 180, «Дом Быта» СҮ маңдайында, борбордук базар дарегинде иштейт.
Жаңы форматтагы O!Store дүкөндөрүнүн негизги өзгөчөлүгү – бул көргөзмөлөөчү стенддер, анда түзүлүштөрдүн бардык моделдери сунушталган – аларды сатып алардын алдында кайсы моделди тандоо керек үчүн текшерип көрсө болот. Азыркы учурда О! мобилдик операторунун бүткүл өлкө боюнча 70 ашык өздүк кеңселеринин ири тармагы бар.
Максим Сидоренко, О! мобилдик операторунун коммерциялык директору: «Өздүк кеңселердин ири тармагы – биздин жетишкендик, биз аны менен чындыгында сыймыктанабыз. Биз биздин башкы принцибибиз - дайыма жаныңыздарда болууну аткарып келебиз. Бүгүнкү күнү О! мобилдик операторунун өздүк кеңселери Кыргызстандын бүткүл областтарында ачылды. Абонент биздин кайсы кеңсебизге кайрылбасын – ал керектүү кызматтардын толук спектрин сапаттуу жана ылдам ала алам деп ишенсе болот».
Компаниянын кеңселеринин жана дүкөндөрүнүн дизайны хай-тек стилинде иштелип чыгат, ал эми бренддин ачык түсү сөзсүз позитив тартуулайт. Бул жерде сиз мобилдик тармакка кошулууга, мобилдик интернетти тууралоого, номерди алмаштырууга/калыбына келтирүүгө же кооз номерди тандоого, балансты комиссиясыз толтурууга, мобилдик байланыш жөнүндө каалаган маселени чече аласыз. Сизге жакын сатуу жана тейлөө кеңсесинин же O!Store дүкөнүнүн дарегин www.o.kg сайтынан билүүгө болот.
О! мобилдик оператору – дайыма жаныңызда!

Батыраак O!Store'го: аксессуарларга –31% жана Honor'дон сонун белектер

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар