О! Мобилдик оператору маалымдайт
16.11.2023
Урматтуу абоненттер!
2023-жылдын 30-ноябрынан тарта тейлөөнүн алдын ала төлөө системасындагы тарифтердин алкагында кийинки кызматтарды көрсөтүү шарттары өзгөрө тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз:
-
тариф боюнча негизги интернет-топтом сарпталгандан кийин, максималдуу ылдамдыкта интернетке үзгүлтүксүз туташуу үчүн берилген 1 ГБ интернет-топтомдун баасы 25 сомду түзөт;
-
«Турбокнопка 2 ГБ» кызматынын баасы 50 сомду түзөт;
-
«Турбокнопка 10 ГБ» кызматынын баасы 150 сомду түзөт.
Баалар бардык салыктар эске алынып көрсөтүлгөн. Өзгөрүүлөр жөнүндө 707 тел. аркылуу О! акысыз сурап-билүү кызматынан, О! түйүнүнүн сатуу жана тейлөө кеңселеринен да маалымат алсаңыздар болот.