О! роумингде тарифтердин төмөндөтүлгөнү жөнүндө маалымдайт

20.08.2024 О! мобилдик оператору абоненттери үчүн шарттарды жакшыртуу багытында иштерди активдүү улантууда жана Vodafone Roaming Services жана А1 компаниялар топторунун түйүндөрүндө тарифтер төмөндөй турганын жарыялайт.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 1- сентябрынан тарта аталган түйүндөрдө бардык уюлдук иш-аракеттерге тарифтер арзандайт.

Интернет-роумингге тариф: 1 МБ үчүн 1 сом. Ошондой эле 50 МБ, 100 МБ, 250 МБ жана 1000 МБ көлөмүндө роумингде интернет-топтомдор иштей баштайт:

• Түркия - Vodafone түйүнүндө;

• Беларусь - Velcom түйүнүндө;

• Испания - Vodafone түйүнүндө;

• Албания - Vodafone түйүнүндө;

• Чехия -  Vodafone түйүнүндө;

• Гана -  Vodafone түйүнүндө;

• Германия - Vodafone түйүнүндө;

• Греция - Vodafone түйүнүндө;

• Венгрия - Vodafone түйүнүндө;

• Ирландия - Vodafone түйүнүндө;

• Италия - Vodafone түйүнүндө;

• Португалия - Vodafone түйүнүндө;

• Румыния - Vodafone түйүнүндө;

• Түштүк Африка - Vodacom түйүнүндө;

• Нидерланды - Vodafone түйүнүндө;

• Улуу Британия - Vodafone түйүнүндө;

• Конго -  Vodacom түйүнүндө;

• Мозамбик - Vodacom түйүнүндө;

• Танзания - Vodacom түйүнүндө;

• Австрия - А1 түйүнүндө;

• Лихтенштейн - Telecom Liechtenstein түйүнүндө;

Пайда менен ыңгайлуулукту баалап көрүңүз – О! роуминги чектерди жоёт.

Тизмеге кайтуу