Кыргызча
04 апреля 2025

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору маалымдайт

Роумингде жеңилдетилген тарифтерди киргизүү жөнүндө.

Урматтуу абоненттер, 2025-жылдын 15-апрелинен тарта Франциянын Orange түйүнүндө жана Хорватиянын A1 Hrvatska түйүнүндө жеңилдетилген тарифтер ишке кире тургандыгы жөнүндө билдиребиз. Ушул эле түйүндөрдүн ичинде «Интернет-роуминг» топтомдору менен «Чексиз Whatsapp» кызматы иштей баштайт.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 15-апрелинен тартып, «Учак бортундагы роуминг» кызматынын алкагында AeroMobile түйүнүндөгү тарифтер төмөндөтүлмөкчү.