О! мобилдик оператору – Кыргызстанда 7 жыл ийгилик! 7 жыл биргебиз!

03.03.2016

2016-жылдын 3-мартында өлкөбүздүн телекоммуникация рыногунда технологиялык баштап жүрүүчү  – О! мобилдик оператору өз ишинин 7 жылдыгын белгилеп жатат. Түйүндү 2009-жылдын 3-мартында коммерциялык эксплуатацига кое берүү жана бир катар пайдалуу тарифтик сунуштарды сунуштоо менен, компания миллиондогон кыргызстандыктардын жүрөгүнөн орун алды. Өз ишмердүүлүгүндө компания өлкөдөгү мобилдик байланыш боюнча алдыңкы оператор деген позицияны ээлеп, жеке жана корпоративдик кардарларга телекоммуникация кызматтарынын толук спектрин көрсөтүү менен,  бир топ маанилүү жыйынтыктарга жетишишти.

Жогорку ылдамдыктагы 4G-интернет

2014-жылы О! мобилдик оператору  Кыргызстандагы мобилдик байланыш операторлорунан биринчилерден болуп бүгүнкү күндөгү мобилдик интернеттин эң жогорку технологияларынын бирин - 4G-ны колдонуу мүмкүндүгүн сунуштап, өзүнүн технологиялык жана инновациялык лидерлигин ырастады. Азыркы учурда төртүнчү муундагы түйүндүн мүмкүндүктөрүн Бишкек жана Нарын шаарларынын жашоочулары активдүү пайдаланып жатышат.

 О! баарлашуу жана билим алууда маанилүү инструмент болуп калган интернеттин жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көнүл бурат. Абоненттер сарптап жаткан интернет-трафиктин көлөмү күн сайын өсүп жатат  жана бул баарлардын арзан экендигинин жакшы көрсөткүчү. Оператор мунун өсүшүнө бүткүл республика боюнча 4G жана 3G түйүндөрү камтыган аймактарды активдүү кеңейтүү менен түрткү берип жатат. Азыркы учурда компаниянын алдыга койгон милдеттеринин бири – кыргызстандыктардын  максималдуу санын 4G-интернетин колдоно алышы менен камсыздоо.

Продукциялар  жана кызматтар 

Биздин өлкөнүн телекоммуникация рыногунда О! мобилдик операторунун пайда болушу менен байланыш инновациялык технологиялардын өгүшүнөн гана эмес, кызматтардын баасынын бир топ төмөндөшү менен  мурункудан да жеткиликтүү болуп калды.  Мисалы, 1 Мб интернет-трафиктин орточо баасы чексиз интернет сунуштарын киргизүү менен 7 жыл ичинде  65 эсе арзандаган.

О! мобилдик оператору алгачкылардан болуп түйүн ичинде акысыз баарлашып жана билдирүүлөр менен алмашууга мүмкүндүк берген. “Сенин нөлүң” сунуштарынын чегинде абоненттер баарлашууда өздөрүнө чек койбой, өз үй бүлөсү жана достору менен О! түйүн ичинде дайыма байланышта боло алышат. Түйүн ичинде акысыз баарлашуу демилгеси компаниянын өзгөчөлөнгөн визиттик карточкасы болуп калган.

 Мындан тышкары, “О!го которул” тарифтеринин катары кое берилди: чексиз    4G интернет, чалуулар О! түйүн ичинде да, өлкөнүн башка мобилдик операторлоруна да акысыз.  Бул сунуш заманбап смартфондун бардык мүмкүндүктөрүнүн жеткиликтүүлүгүн ачты.

 Жети жыл бою О! мобилдик оператору өзүн кардарлардын муктаждактарын эске алуу менен, заманбап кызматтардын жеткиликтүүлүгүн ачкан мобилдик байланыш оператору катары көрсөттү. Мисалга, абоненттерди тейлөөдө алгачкы күнү эле “Номер тандоо” кызматын сунуш кылган. О! түйүнүнүн каалаган абонентинде  телефон номерин башка бош номерге өз алдынча алмаштыруу мүмкүндүгү бар.

  Максималдуу мүмкүндүк берүү принцибинин чегинде компания интернетти активдүү колдонуучулар үчүн чексиз интернет сунуштарын киргизди. Алгачкы жолу рынокко ынгайлуу жана чакан 4G-түзүлүштөр келип түштү. Мисалга, 4G Wi-Fi Wingle – модем, Wi-Fi модуль жана  флеш-карта бир корпуста, ал 4G интернетти бир маалда бир нече түзүлүшкө таратат. Интернет-түзүлүштөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча стратегияны ишке ашыруудан улам 4G-гаджеттерди бир аз гана баага сатып алууга болот.

 Түйүндү өнүктүрүү

 Бүгүнкү күнү О!дон мобилдик байланыш өлкөнүн бардык областтарында жана шаарларында бар. Азыр улам көптөгөн абонент мобилдик интернетти колдонуп жатышат. Ошол себептен маалыматтарды берүүнү тездетүү үчүн 3G жана 4G технологиялары колдонуп жатат.

О!нун кеңселери  дайыма жаныңда

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда О!нун 60 ашык сатуу жана тейлөө кеңсеси иштеп жатат. 2015-жылы компания бүткүл өлкө боюнча 10дон ашык жаңы сатуу жана тейлөө кеңсесин ачты. Өздүк байланыш кеңселеринин чекене сатуу түйүндөрү компаниянын кардарларын максималдуу ылдам тейлөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, О! мобилдик оператору балансты комиссиясыз толтуруу үчүн терминалдардын санын көбөйтүп жатат, О!нун абоненттери мобилдик эсепти 500 ашык түйүндөн толтура алышат.

Интернет-дүкөн

Компаниянын башкы приоритеттеринин бири болуп абоненттерге ыңгайлуу болушу жөнүндө кам көрүү саналат. Ушул максатта О! телеком-рыногунда алгачкылардан болуп өздүк shop.o.kg. интернет-дүкөнүн кое берди. Абоненттерде гаджеттердин баасын төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып ала алышат, пайдалуу акцияларга катышып, үйдөн чыгып отурбастан сатып алууларды жүргүзө алышат.

 7 жыл биргебиз!

О! мобилдик оператору бардык өз абоненттерине тандагандыгы жана ишенгендиги үчүн ыраазычылык билдирет. О!нун жети жылдык иши заманбап тренддер менен катарлаш туруктуу өнүгүүнүн жети жылы болуп калды. Оператор эң жаңы инновациялык чечимдерди сунуштоо менен, сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүү жана Кыргызстандын жашоочуларына баарлашуудан кубаныч тартуулоо менен, бул стратегияны мындан ары да колдонуп келмекчи. Туулган күнүн белгилөөнүн алкагында О! өз абоненттерине жагымдуу сюрприз даярдап койду, жакын арада О!нун Facebook-тагы расмий барагынын ар бир жазылуучусу заманбап смартфон утуп алышы мүмкүн. 


Тизмеге кайтуу