Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору түйүндүн абоненттери балансты комиссиясыз толтуруу үчүн мүмкүндүктөрдүн спектрин көбөйтүүнүн үстүнөн иштөөнү улантып жатат.
«Биз үчүн абоненттер мобилдик эсебин бир сом до ашык эмес канчага кааласа, ошончо толтурушу маанилүү. Ошол себептен бүгүн О! түйүнүн абоненттери өз мобилдик эсебин дээрлик 500ге жакын жайлардан толтура алышат. Күн сайын алардын саны өсүп жатат, Кыргызстандын бардык жашоочулары алардын ири шаарлардан алыс экендигине карабастан өз балансын акысыз толтура алышы үчүн иштер жүргүзүлүп жатат», - деп белгиледи коммерциялык директор Максим Сидоренко.
Балансты тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз толтура аласыз:
1. О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринин ири тармагынан (бүткүл өлкө боюнча 70 ашык);
2. Бүткүл Кыргызстан боюнча «Народный» супермаркеттеринде жана ири соода түйүндөрүндө (125 ашык) жайгашкан «Оптима Банк» ААКсынын терминалдар тармагы аркылуу;
3. Промоутерлерден, аларды фирмалык кийими аркылуу таанууга болот;
4. «Бишкек Почтамт» МИнин филиалдарынан (Бишкек ш. 80 ашык);
5. Үйдөн чыкпастан Optima24, "Элсом", "Мобильник" жана Umai.kg аркылуу төлөм жүргүзсө болот;
6. Бишкектеги, Жалал-Абаддагы жана Оштогу O!Store фирмалык дүкөндөрүнөн.
Мобилдик эсепти ушул ыкмалар аркылуу толтурганда, сиздин баланс бир нече секундадан кийин эч кандай кыйынчылыктарсыз толтурулат. Балансты акысыз толтуруу бар бардык жайлардын даректери менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg. билиңиздер.
Байланыш кызматтарын кошумча чыгымдарсыз төлөңүз!
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы «О!Мамлекеттик» тарифи
О! операторунан Java-иштеп чыгуучулар үчүн акысыз стажировкага кабыл алуу старт алды
Шылуундар өздөрүн О! кызматкери катары тааныштырып, SMS-коддорду билүүгө аракет кылып жатышат
О! Мобилдик оператору маалымдайт
O!Store Ош шаарынын тургундарын шоу-программа жана белектер менен коштолгон жаңы филиалдын ачылышына чакырат!
Бардык жаңылыктар