Кыргызча
30 октября 2018

Акыркы жаңылыктар

Мобилдик байланыш: «Мой О!» тиркемеси менен баары кол алдыңда

Бардык О! абоненттери номерлерин өздөрү башкарып, өз мобилдик эсебин контролдой алышат. Эч жакка баруунун да, чалуунун да кереги жок.

Бардык О! абоненттери номерлерин өздөрү башкарып, өз мобилдик эсебин контролдой алышат. Эч жакка баруунун да, чалуунун да кереги жок.

«Мой О!» тиркемеси консультанттарга кайрылбастан абоненттердин маселелерин чечүүгө жардам берет. Кошуу, билүү, өзгөртүү, суроо жана башка аракеттерди – бул акысыз тиркемеде аткарса болот – болгону «Мой О!» тиркемесин жүктөө гана керек.

Башкы экранды ачабыз. Биздин алдыбызга учурдагы баланс жана канча акысыз мүнөттөр менен интернеттин гигабайттары калгандыгы тууралуу бүт маалымат ачылат. Тиркемеде багыт алуу оңой, интерфейси жөнөкөй жана түшүнүктүү. Бул жерден биз «Тарифтер» жана «Кызматтар» вкладкаларын көрөбүз.

«Тарифтерде» кайсы тарифте экениңди жана башкасын тандап алууну эскертип турса болот.

«Кызматтарда» номерде кошулган бардык акылуу жана акысыз кызматтардын, жаңы кошулгандардын тизмеси ачылат. Эгер кандайдыр-бир кызматка муктаждыгыңыз жок болсо, мисалы «АнтиАОН», дароо аны басыңыз жана төмөн жагында өчүрүү баскычын көрөсүз. Кызматты жөн гана бул баскычты басуу менен өчүрүңүз.

Башкалардын ичинен мобилдик интернетти активдүү колдонуучулар, мобилдик көңүл ачууну жана таанышууларды жакшы көргөндөр жана чет өлкөлүк сапарларга байланышта болуусу келгендер үчүн өзгөчө сунуштар да табылат.

Жаңы кызматты кошуу эң жөнөкөй. Келиңиздер, бул процессти нөлдүк балансты дароо толуктоого арналган популярдуу «Ишенимдүү төлөм» кызматынын мисалында талдап көрөлү. «Кызматтардын» ичинен «Нөл учурдагы мүмкүнчүлүктөр» бөлүмүнө кириңиз. Балансты толтургуңуз келген сумманын номиналын тандаңыз, оң жактагы «кошуп алуу» баскычына басыңыз же алгач кызматтын өзүнө кириңиз да, ал тууралуу толук маалымат менен таанышыңыз жана төмөн жактагы ачык түстөгү «кошуп алуу» баскычын басыңыз – бүттү, кызмат дароо кошулат. Биз контакт-борборго чалган жокпуз же кошуу буйрутмасын жаттаган жокпуз, баары автоматтык түрдө ишке ашты. Башка калган кызматтар да ушинтип кошулат.

Консультант менен онлайн-байланышка чыгуу, терминалдардын картасын издөө же детализацияны алуу үчүн кайрадан башкы экранга кайтып келүү керек. Жогорку сол бурчтагы «бургерге» басуу керек, ачылган менюдан эмне кызыктырса ошону тандап алса же тейлөө тилин өзгөртсө болот. Ошол эле жерде O!TV кызматын колдонуу үчүн сиздин шартбелги көрсөтүлүп турат. «Мой О!» тиркемесинин башкы экранынан төмөн жакта себет менен белгиленген ostore.kg интернет-дүкөнүнө түз эле кирсе болот жана өзүңө смартфон, же powerbank менен кулаккап сыяктуу керектүү аксессуарларга онлайн тапшырык кылуу мүмкүнчүлүгү бар.

«Мой О!» – мобилдик кызматтардын дүйнөсүндөгү сиздин жеке жардамчыңыз.