Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору популярдуу Viber* мессенджеринде паблик-аккаунт ишке киргизди. Жаңы платформа аркылуу компания мессенджердин аудиториясы менен – ал дүйнөдө 800 млн жана Кыргызстанда 500 миңден ашык колдонуучу менен ачык өз ара аракеттене алат.
Акысыз сервис бүгүнкү күндөн тартып жеткиликтүү. Онлайн-кеңеш алууга кайрылган каалаган колдонуучу болгону бир нече мүнөттүн ичинде маселесин тез чече алат. Мындан тышкары оператордун паблик-аккаунтуна жазылуучулар биринчилерден болуп акциялар, жаңылыктар жана актуалдуу бош кызмат орундары жөнүндө билип турушат.
«Мессенджерлердин популярдуулугу болуп көрбөгөндөй темп менен өсүп жатат. Бир жума мурун Viber паблик-аккаунттардын жаңы бизнес-функциясын сунуш кылды, ал компаниялар үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачат – эми өз кардарлар менен коммуникация жүргүзүүгө болот. Биз өз кезегибизде биринчилерден болуп О!нун расмий паблик-аккаунтун ишке киргиздик. Биздин адистер каалаган убакта сиздерге кеңеш беришет. Окуялардын борборунда болуңуз же өз ой-пикириңизди билдириңиз – бул үчүн О! мобилдик операторунун паблик-аккаунтуна жазылуу жетиштүү. Биз дайыма байланыштабыз!», – деп белгиледи кардарларды тейлөө боюнча дирекциянын жетекчиси Игорь Панасенко.
Viber-де О! мобилдик операторуна жазылуу үчүн тиркеменин төмөнкү бөлүктөгү интерфейсинин тийиштүү баскычты - «Мобильный оператор О!» паблик-аккаунтунун аталышын басуу керек же http://chats.viber.com/okgmobile шилтемеден өтүү керек.
О!нун абоненттери www.o.kg сайтынан онлайн-чаттын жардамы аркылуу тез кеңеш ала алышат. Ошондой эле компаниянын Facebook, «Одноклассники», Instagram жана Twitter расмий барактарында кардарларды колдоо кызматы иштейт.
*Viber – коммуникациялардын универсалдуу каражаттар чөйрөсүндө лидерлердин бири. Viber тиркемесин бардык актуалдуу платформаларда, анын ичинде Android, iOS, Windows, OS X, Windows Phone и Symbian жеткиликтүү.

Батыраак O!Store'го: аксессуарларга –31% жана Honor'дон сонун белектер

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар