Акыркы жаңылыктар
«Мындан 5 жыл мурун балдарыбыз гаджеттерди бизге караганда жакшы түшүнѳѳрүн айтып тамашаласак, учурда бул жагдай баарыбызды кооптондура баштады», деп билдирет О! Мобилдик операторунун ѳнүмдѳр боюнча директору Юрий Челбаков. Ал 24-сентябрда «КИТ-2019» форумунун алкагында ѳткѳн «Киберкоопсуздук» бѳлүмүнѳ тийиштүү O! Safe Kids инновациялык тиркемеси тууралуу маалымат менен бѳлүштү.
Юрий бүгүнкү күндѳ 4 жаштан 6 жашка чейинки балдардын кѳпчүлүк бѳлүгүнүн жеке смартфонуна ээ экендиги жѳнүндѳ статистиканы билдирди. 13 жашка чыккан 10 ѳспүрүмдүн ичинен 9 ѳспүрүмдүн телефону бар. Күн сайын он миӊдеген балдар интернетке алгачкы жолу кирүүдѳ. Ал жерден балдар башкалар менен сүйлѳшүшѳт, маалыматтарды издешет, видеолорду кѳрүшѳт жана булар менен гана чектелип калышпайт.
«Мектепке чейинки курактагы балдарды кѳзѳмѳлгѳ алуу мүмкүн, ал эми ѳспүрүмдѳргѳ келгенде бул кыйла татаал», – деп улантты Ю.Челбаков.
Эмне кылуу керек? Баладан смартфонун алып коюу менен кѳйгѳй чечилбейт. Жанында отуруп алып, ѳзүӊүздүн «стористи» карап чыгууга баланы кошо чакырасыз. Эӊ актуалдуу жол – интернетте баланы коштоо.
Окуу жылы башталганда эле О! Мобилдик оператору O! Safe Kids аттуу уникалдуу социалдык долбоорду баштатты. Долбоор балдар менен ѳспүрүмдѳрдү шок абалга түшүрүүчү контенттерден, тармактык коркунучтардан жана кѳӊүл тилебеген сайттарга кирип кетүүдѳн коргойт. Ал маалымат коопсуздугу чѳйрѳсүндѳгү ири иштеп чыгуучу «Касперский лабораториясы» менен бирге иштелип чыкты.
Эмне үчүн социалдык? Себеби, заманбап ата-энелер ѳз балдарынын коопсуздугу боюнча кам кѳрүүсүнѳ шарт түзүү максатында «Переходи на О! + O! Safe Kids» жаӊы тарифтеринде тиркеме бекер киргизилген. Кызматты *234*1# командасын терип, активдештирүүгѳ болот.
«Биз онлайн балдардын коопсуздугун эӊ жогорку орунга койдук, себеби Бүткүл дүйнѳлүк желенин күн ѳткѳн сайын балдарга тийгизип жаткан таасирин жакшы түшүнѳбүз», – дейт Ю.Челбаков.
Муну менен бирге эле Юрий мамлекет жана жеке менчик сектор тарабынан ишке ашырылгандарга кошумча катары, бул тиркеменин интернеттин программалык деӊгээлде балдарга тийгизген терс таасиринен комплекстүү коргоону камсыздай тургандыгын белгилеп ѳттү.
О! Safe Kids жѳн гана контентти иргебестен, баланын кайда жүргѳнүн кѳзѳмѳлдѳѳгѳ, анын социалдык тармактардагы активдүүлүктѳрүн кѳрүп турууга, мобилдик түзүлүштѳрдү колдонуусун анализдѳѳгѳ, смартфонундагы батареянын кубатын, ал тургай чѳйрѳсүндѳгүлѳрдү дагы билүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Бардык шек жараткан абалдар, мисалы баланын «коопсуздук периметринен» алыстап кеткендиги тууралуу сервис дароо ата-эненин смартфонуна билдирүү жиберүү аркылуу кабарлап турат.
«Инновациялык компания жана ар түрдүү кызматтарды иштеп чыгууда олуттуу тажрыйбага ээ болгон ѳлкѳнүн ири мобилдик оператору катары биздин техникалык мүмкүнчүлүктѳрүбүз ата-энелердин активдүү катышуусу менен интернет аркылуу келген зыяндуу маалыматтардын кѳзѳмѳлсүз агымына байланыштуу маселени чече алат деп ишенем», – деп жыйынтыктады Юрий.
Коргоонун техникалык каражаттарынан тышкары, тиркемеде чоӊдордун балдардын жүрүш-турушундагы ѳзгѳчѳлүктѳрдү түшүнүүсү жана тобокелдик даражасына туура баа берүүсү үчүн жардам бере турган психологдун кеӊештери да камтылган.

О! командасынын аракети менен Бишкекте дагы бир жашыл аймак пайда болду

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
Бардык жаңылыктар