КИТ-2019: КРнын эң популярдуу тиркемелеринин бири - «Мой О!» тиркемеси 500 минден ашуун жолу жүктөлдү

25.09.2019

«Мой О!» мобилдик тиркемеси Google Play тиркемелер дүкөнүндө орточо 4,6 рейтинги менен Кыргызстандын эң популярдуу тиркемелердин бири болуп калды. Аны 500 миңден ашуун жолу орнотуп алышты.

Бүгүн «Мой О!» тиркемеси – абоненттин жеке кабинети, «О!Деньги» капчыгы жана көптөгөн башка пайдалуу функциялары бар бир бүтүн экотутум болуп саналат. Мунун баары эмнеден башталган? Бул тууралуу өнүмдөр боюнча директор Юрий Челбаков «КИТ-2019» форумунун алкагында айтып берди:

«Мурда өз балансын билүү үчүн, татаал комбинацияны киргизип, сурамды жөнөтүү керек эле – эми мунун баары бир тиркемеде, ошол эле жерде гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыктарын көрүү, чыгымдардын детализациясын көрүү жана деталдык текшерүү үчүн почтага отчетту тапшырык кылуу оңой. Булар биз баштаган негизги функциялар».

Кийинчерээк жеке кабинетке «О!Деньги» электрондук капчыкты коштук, аны менен бирге кызматтарды төлөө жана Visa, MasterCard, «Элкарт» карталарынын жардамы менен капчыкты толуктоо мүмкүнчүлүгү да кошулду, бул төлөм терминалын издөө муктаждыгынан арылтты, анткени керектүү учурда дароо картадан толуктап алса болот.

Ал эми картада жеткиликтүү каражаттар жеткиликсиз болуп калса, анда эч кандай маалымкатсыз жана кепилдиксиз айлыкка чейин кредитти дароо тиркемеден оңой алууга болот.

Азыр «О!Деньги» капчыгынын каталогунда 400дөн ашуун сервистер камтылган – булар өлкөнүн бардык региондорундагы коммуналдык кызматтар, интернет-провайдерлер, онлайн-оюндар жана көптөгөн башка нерселер. Алардын көпчүлүгүн жөн гана дүмүрчөктөгү штрихкодду сканирлеп, 2 клик менен төлөсө болот.

«Бирок биз каталог боюнча төлөөлөр менен чектелип калган жокпуз. Биз андан ары QR төлөмдөрдү ишке киргиздик! Бүгүнкү күндө биздин капчыктын жардамы менен кофе сатып алууга, кафедеги эсепти же дүкөндөрдөгү сатып алууларды төлөө мүмкүн», – деп бөлүштү Юрий.

Дагы бир ыңгайлуу мүмкүнчүлүк - ЖКККББ айып пулдарын текшерүү жана төлөө. Камералардан

айып пулдарын гана эмес, кол менен жазылган айып пулдарды да төлөөгө болот.

Жакынкы арада тиркемеден мамлекеттик кызматтарды да алуу мүмкүн болот. Мисалы, кайсы автоунаалар сизге катталгандыгын билүү, аттестаттардын жана дипломдордун асыл нускасы болгондугун текшерүү же болбосо жоголгон буюмдардын статусун аныктоо үчүн табылган буюмдар бюросуна кайрылуу.

«Ошентип, улам сайын биз тиркемебизди жакшыртып келе жатабыз, аны менен бирге биздин колдонуучулардын жашоосу мурункудан да ыңгайлуу жана жөнөкөй болууда! Биз жер бетиндеги бардык көйгөйлөрдү чече албайбыз, бирок «Мой О!» тиркемеси менен жашоо жайлуураак болору – анык!», – деп презентациясын аяктады Юрий.

Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиясы: №037.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: № 2021030817, 3022030817.


Тизмеге кайтуу