Кыргызча
12 ноября 2026

Акыркы жаңылыктар

Кино, спорт, мультфильмдер жана дорамалар: O!TV тиркемесинде дагы +30 популярдуу телеканал кошулду

Кино, спорт, мультфильмдер жана дорамалар: O!TV тиркемесинде дагы +30 популярдуу телеканал кошулду

Плед жамынып алып, ушул кечке эмне көрүүнү тандай турган сонун маал...

O!TV тиркемеси жаңыланды: «O!TV Премиум» топтомуна 30 жаңы телеканал кошулуп, азыр алардын саны мурдагы баада эле 240тан ашты! Плед жамынып алып, ушул кечке эмне көрүүнү тандай турган сонун маал...

Жаңылыктар арасында:

  • Кино кечелери үчүн: «Кинопремьерадан» премьералар, «Кинохиттен» классика, ошондой эле «Киномикс» менен  «Киноужас».

  • Үй-бүлө жана романтикалык мамилелер үчүн: «Киносемья» жана «Киносвидание».

  • Түз эфирдеги спорт: «KHL Prime», «Бокс ТВ Плюс» жана «Матч! Планета».

  • Балдарга: «В гостях у сказки» каналында боорукер жана таалим-тарбия берүүчү контент.

  • Жан дүйнө үчүн: «Dorama» каналында дорамалар, «Кухня ТВда» рецепттер, «Живи!» каналында ден соолук тууралуу программалар.

Бул эмне үчүн пайдалуу:

  • Баасы мурдагыдай эле: суткасына бардыгы 9 сом (КНСти эске алуу менен, ССсыз).

  • 5 түзмөк – 1 аккаунт: бүт үй-бүлөңүз менен смартфондордон, планшеттерден жана Smart TV’ден көрүңүз.

  • Тыныгуу жана ТВ-архив: кызыктуу жерин өткөрүп жибердиңизби? Аны артка түрүп же кийин көрүңүз.

  • О! абоненттери үчүн интернет сарпталбайт.

«O!TV Премиумду» кантип туташтырса болот:

  1.  O!TV  тиркемесин смартфонуңузга, планшетиңизге же Smart TV’ге жүктөп алыңыз.

  2. «Мой О!» тиркемесинен «O!TV Премиум» топтомун кошуңуз же *750*3# буйругун териңиз

«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК караштуу МБАнын лицензиялары: №16-0062-КР 06.12.2016, №16-0063-КР 06.12.2016. O!TV кызматынын алкагындагы телеканалы, мазмуну жана контент «Диас ТВ» ЖЧКсы тарабынан берилет.