Акыркы жаңылыктар
Быйыл О! мобилдик оператору ишмердүүлүнүн 15 жылдыгын белгилөөдө. Компаниянын ири жамааты кандай жашап жана иштеп жаткандыгы тууралуу Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнүн жетекчиси Эркина Сарбашева айтып берет.
Мындан 15 жыл мурун компанияда болгону 36 кызматкер эмгектенчү. Бүгүнкү күндө алардын саны 1400 кишиге жетти. Биз 40 эсе көбөйдүк!
Өлкөнүн жети аймагында О! компаниясынын 97 бөлүмү иштеп, 2 миңге жакын жаранды туруктуу жумуш менен камсыздап келет. 400гө чукул кызматкер – O!Store дүкөндөрүндө эмгектенсе, 170 оператор байланыш борборунда абонеттерге консультация берет.
Биз командабыздын бир бөлүгү боло турган кишилерди үзгүлтүксүз издейбиз. Кесипкөй адистерге карата суроо-талап дайыма болот, андыктан тажрыйбалуу адистерди да, карьерасын жаңыдан кура баштагандарды да жумушка кабыл алууга даярбыз. Актуалдуу вакансиялардын тизмесин биз o.kg сайтына жарыялап турабыз. Жумуш издегендер ушул эле жерге өтүнмө калтырса же резюмелерин hr@nurtelecom.kg почтасына жиберсе болот.
Талапкерлерди тандоо процессинде, көнүмүш аңгемелешүүдөн тышкары, пандемиядан кийин популярдуу болуп калган онлайн-ыкмалар да (тестирлөө, видеоинтервью) колдонулат. Баса, 2020-жыл иштөө процесстерине аралыктан иштөө, маршруттук баракчалар, комендатура, беткап сыяктуу көптөгөн сыноолорду жаратканына карабастан, пандемия мезгилинде деле штатыбызды кеңейтүү багытында иш алып барууну уланттык. Компания чоңоюп, жаңы кызматкерлер рыноктогу абалыбызды бекемдесе, талапкерлер менен алгачкы жолугушуулар жана жолжоболоштуруу иштери онлайн өткөрүлүп жатты.
Өзгөчө кырдаалдар режиминин шарттарында кызматкерлердин коопсуздугу, маселен, операторлордун байланыш борборуна, консультанттардын сатуу жана тейлөө кеңселерине чейин жетүүсүнө, техникалык адистерди тобокелдиктерден сактоого байланыштуу маселелерди жаңыча чечүүгө аракет кылдык. Бул сыноолордун баарына О! кызматкерлери татыктуу деңгээлде туруштук бере алышты, ал эми компания өзүнүн жамаатын сактап калууга жана калкты байланыш менен камсыздоого болгон күч-аракетин жумшады.
Бардык этаптардан өзгөчө кам көрүү менен өткөрөбүз
Биз жаңы кызматкерлерибизди кароосуз таштап койбойбуз. Ишке жаңыдан киришип жаткан ар бир кызматкерибиз үчүн сыноо мөөнөтүнөн ийгиликтүү өтүүсүн камсыздоо максатында адаптациялык план түзүлөт. Кызыктуу тапшырмалар, инновацияларга басым жасоо, иштеги ийкемдүүлүк жалпы кызматкерлерибиздин кесиптик жана карьералык өсүшүнө шарт түзөт.
О! компаниясынын артыкчылыктары:
Сыркоолук жана башка өргүүлөрдү төлөп берүүнү караштырган кепилденген жеңилдиктерден тышкары, О! төмөнкүлөрдү сунуштай алат:
· өтө маанилүү деп эсептелген атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы.
· жана албетте, акысыз мобилдик байланыш.
· көпчүлүк бөлүмдөрдө ишке жаңы киришкен кызматкерлер үчүн акы төлөнүп берилүүчү окутуу.
· иштердин тар багыттагы типтерин аткарган адистер атайын кийимдер, аспаптар жана коргонуу каражаттары менен камсыз болот.
· иштеп чыгуучулардын баарына кубаттуу ноутбуктар жана жумуш үчүн керектүү себилдөөчү буюмдар берилет.
· биз жайлуу эмеректер жана аба тазалагычтар менен жабдылган заманбап кеңседе иштейбиз. Кеңсенин ичи жашыл, гүлдөр көп, кызматкерлердин жайлуулугу үчүн тиричилик техникасы орнотулган ашканалар бар.
· кызматкерлердин саламаттыгы ишенимдүү сакталат: регулярдуу негизде медициналык текшерүү жүргүзүлүп турат, штаттык медицина кызматкери бар.
· биздин кызматкерлерибиз үчүн ар кандай жайларда жана дүкөндөрдө жагымдуу корпоративдик арзандатуулар каралган.
· жалпы компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалары боюнча жылдык бонусту дагы камтыган ачык-айкын жана түшүнүктүү мотивациялык программа иштейт.
Бюрократиянын минималдуулугу
Компанияда кагаз колдонууну азайткан электрондук документ жүгүртүм системасы активдүү иштейт. Ар түрдүү программалык камсыздоолордун кеңири колдонулушу компаниянын бизнес-процесстерин оптималдаштырууга жана ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Чын дилибиз менен иштейбиз
Биз жашообуздун көп бөлүгүн кесиптештерибиз менен өткөрөбүз – бул биздин О!Үй-бүлөбүз деп айтсак да болот. Жамаатыбыз абдан ынтымактуу, бош убакыттарыбызды бирге өткөрөбүз.
О! өзүнүн кызматкерлерине массалык спорттук иш-чараларга катышуу мүмкүндүгүн түзүп берет, сергек жашоо образын колдоо максатында жеке спорттук турнирлерин уюштуруп турат.
О! – түрдүү чөйрөлөрдөгү кесипкөйлөрдүн командасы. Биз өз ара жөнөкөй жана ачык-айрым сүйлөшөбүз, бири-бирибизди сыйлайбыз жана маселелерди чогуу чечебиз. Ар бир кызматкердин инсандык сапаты менен салымын жогору баалайбыз, бирок баарыбыз чогуу болгондо гана курчап турган дүйнөнү өзгөртө алабыз.
О! компаниясында сизде өсүп-өнүгүүгө мүмкүндүк бар, эртеңки күн жөнүндө кам санабай эле койсоңуз болот. Туруктуу киреше, карьералык өсүү, ар түрдүү корпоративдик иш-чаралар – О! компаниясында иштөөнүн артыкчылыктары. Өзүңүзгө ылайыктуу деп эсептесеңиз, анда бизге кошулуңуз.
Сизди командабызга чакырабыз!
· Өз тармагында лидер болгон команда.
· Үйрөтүүгө жана колдоо көрсөтүүгө дайым даяр команда.
· Күчтүү адистер иштеген команда!
О! компаниясында иштеген кызыктуу, туруктуу жана чындап кесипкөй.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады
Бардык жаңылыктар