Номериңизди О! мобилдик операторунун түйүнүндө кантип жашыруун кылуу керек?
06.06.2017
О! мобилдик операторунун сүйлөшүүлөрдүн конфиденциалдуулук деңгээлин жөнгө салуучу түрдүү эки кызматы бар.
Кантип кошуу керек?
- Чексиз жашыруу. Эгер Сиз дайыма Сиздин чалууңуз күтүлбөгөн белек болууну кааласаңыз, «АнтиАОН» кызматын пайдаланыңыз. Бул сервис каалаган телефон номерине чыгуучу чалууларда өз номериңизди дайыма жашыруун кылууга мүмкүндүк берет. Кызматты 747# чакырык буйрутмасы менен кошуңуз. Сырдын баасы – кызматты кошуу үчүн 19,99 сом жана «инкогнито» режиминде чалуу үчүн 4,99 сом/күнүнө.
- Номерди билүүгө бир жолку тыюу салуу. Номерди жашыруун кылуунун дагы бир жолу бар, бирок ал белгилүү бир сүйлөшчү адам үчүн гана «АнтиАОН+» кызматы аркылуу мүмкүн.Ал үчүн алдын ала кызматты *731#чакырык менен кошуп, #31# абоненттин номерин терүү керек. Активдештирген учурдан тартып алгачкы 3 күн акысыз берилет. Андан кийин абоненттик төлөм болгону 1,99 сом/күнүнө түзөт.
«АнтиАОН» сериясындагы кызматтар жөнүндө кенен маалыматты компаниянын сайтынан www.o.kg «Чалууларды башкаруу» бөлүмүнөн билүүгө болот.