ЖКК айыппулдарын кантип оңой текшерип, ыңгайлуу төлөсө болот?

24.06.2019

ЖКК айыппулдарын текшерүүнүн жана оңой төлөөнүн ыңгайлуу куралы - «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» электрондук капчыгы. Эмне үчүн десеңиз:

Жөнөкөй катталуу

Тиркемеге автоунааны каттоо үчүн мамлекеттик номерин жана ээсинин ИНН номерин киргизүү жетиштүүболот. Бардыгы болуп 8 автоунааны киргизип, ар биринин айыппулдардын бар экендигин өз алдынча текшерип турса болот.

SMS-билдирүүлөр

Жаңы жазылган айыппулдар тууралуу SMS-билдирүүлөр автоматтык түрдө келет. Бул айыппулдардын келип келбегендигин дайыма кол менен текшерип туруу муктаждыгынан бошотот.

Майда-бараттарды көрүү жана бузуулардын фотосүрөтү

Тиркемеде ЖКК бузууларынын болгон жерин, убактысын, майда-бараттарын жана ал гана эмес жолдогу камераларга түшүп калган фотосүрөтүн да оңой көрсө болот.

50% арзандатуу жана комиссиянын жоктугу

«О!Деньги» ыңгайлуу капчыгынын жардамы менен айыппулдарды убагында комиссиясыз* жана үйдөн чыкпай туруп төлөө оңой. Айыппул 15 күндүн ичинде төлөнгөндө 50% арзандатуу жүрөт. Тиркеме жеңилдик берилген мөөнөттү жана туум эсептелерге канча күн калгандыгын да билдирип турат.

QR-код жана штрихкод менен тез төлөө

Төлөөнүн көп маанилүү коддорун киргизүүнүн кереги жок. Токтомдогу QR-кодду же протоколдогу штрихкодду сканирлөө жана төлөмдү тастыктоо жеткиликтүү. Реквизиттер жана каралган жеңилдиктер менен чогуу эсептелген сумма автоматтык түрдө чыгат.

Тиркемеге автоунааны кошпой эле айыппулдарды төлөө

Сиз тиркемеге автоунааны киргизбесеңиз деле, штрихкоддордун сканеринин жардамы же «О!Деньги» капчыгынын кызматтардын каталогундагы «Айыппулдар» категориясын кол менен тандоо аркылуу айыппулдарды жеңил төлөөгө болот.

Төлөмдөрдүн тарыхы

Ошондой эле тиркемеде төлөнгөн жана жазылган айыппулдардын тарыхын көрүп туруу мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан дагы көп ыңгайлуу функциялар «Мой О!» тиркемесинин жаңыланган версиясында. AppStore же GooglePlay платформаларынан орнотуу: http://o.kg/l/myo.

*комиссия 2019-жылдын 21-июнунан 31-декабрына чейин эсептелбейт.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030


Тизмеге кайтуу