Автоунааны сатып алардан мурда «Мой О!» тиркемесинен анын тарыхын билип ал

04.10.2019

Эми «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жаңы Carcheck ыңгайлуу сервиси жеткиликтүү болуп калды. Бул сервис транспорттук каражаттын эксплуатация тарыхын билүүгө жардам берет жана Кыргызстандын тургундарына автоунаа сатып аларда абдан пайдасын тийгизет.

Carcheck сервиси төмөндөгүдөй маалыматты камтыйт:

  • Чектөөлөр тууралуу маалымат: камак же күрөө;

  • ЖКККББ төлөнбөгөн айып пулдарынын бар экендиги;

  • Техникалык өзгөчөлүктөрү: маркасы, түсү, чыккан жылы, кыймылдатыкычтын көлөмү;

  • Автоунаага ээлик кылуу мөөнөттөрү.  

Тиркемеден эле дароо маалыматтарды текшерип алуулары үчүн «Мой О!» колдонуучуларына автоунаанын мамлекеттик номерин киргизгендиги эле жетиштүү болот. Бул ыңгайлуу, оңой, тез жана толугу менен акысыз!

Кызмат КРнын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен кызматташуунун алкагында ишке ашырылды. Бул демилге «Санарип Кыргызстан 2019-2023-жж.» санариптик трансформациясынын концепциясын жүзөгө ашыруунун алдында жүрүп жатат.

«Санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана жаңы санарип мамлекетти куруу боюнча активдүү иши үчүн О! Мобилдик операторуна ыраазычылык билдиребиз. Биз бүгүн «Мамлекет палтформа катары» кызматтарынын портфелин кеңейтүү жана санариптик күн тартибинин алкагында жарандар менен өз ара аракеттешүүнү санариптештирүүнүн мурункудан да көбүрөөк сапаттуу деңгээлге чыгарууда   «НУР Телеком» ЖЧК аркылуу ишенимдүү өнөктөш таап жатабыз. Негизги максат – кыргызстандыктар үчүн ыңгайлуулук жана жайлуулук, инновациялар», – деп белгиледи МТжБМК төрагасы Дастан Догоев.

Эске салсак, мурун «Мой О!» тиркемесинде мамлекеттик кызматтарды алуу жана төлөө фукнциялары ишке ашырылган. «Мой О!» колдонуучулары бүгүнкү күндө ЖКККББ айып пулдарын ыңгайлуу, тез жана комиссиясыз төлөй алышат, дипломдордун жана аттестаттардын асыл нускасы болгондугун текшере алышат, ММКФ камсыздандыруу статусун карашат, табылгалар бюросунан маалымкат ала алышат.

AppStore жана Google Play маркеттеринен «Мой О!» тиркемесинен жүктөп алыңыз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: КР № 2021030817, 3022030817.


Тизмеге кайтуу