Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору тилдерди оңой жана жеткиликтүү үйрөнүү мүмкүндүгү - Engster интерактивдик кызматы жөнүндө эске салат. Эми Engster-дин мүмкүндүктөрү кеңейтилди – О!нун абоненттери англис тилди гана эмес, кыргыз тилди да өз алдыча үйрөнө алышат.
Окуу учурунда ар бир колдонуучу үчүн жеке окуу планы түзүлөт. Engster түшүндүрмө сөздүктөн сөздөрдү которууну, туура жазылышын текшерүүнү, күн сайын окутууну, колдонуучулар ортосунда сөздөрдү билиши боюнча “таймаштарды” жана башка функцяларды сунуштайт. Ошондой эле абоненттер өз каалоосу боюнча татаалдык деңгээлин жогорулатып же төмөндөтө алышат.
«Эми Engster англис же кыргыз тилин билүү үчүн өз билимин жакшыртууну каалагандарга мурункудан көп мүмкүндүктөрдү сунуш кылат. Сервиске мамлекеттик тилди киргизүү менен биз өз кезегибизде өлкөдөгү кыргыз тилин өнүктүрүүгө түрткү берип жатабыз. Эми каалоочулар бул пайдалуу кызматты кошуп, сөздүгүн кеңейтип, сөздөрдүн котормосун билип жана мамлекеттик тилде туура жазылышын текшере алышат. Билим алуунун жеткиликтүүлүгү мурункудан да жеңил жана ыңгайлуу болуп калды!», - деп белгиледи О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Кызматка жазылууну каалагандар *995# сурам жөнөтүшү керек. Алгачкы 2 күн кызмат акысыз көрсөтүлөт. Андан кийин абоненттик төлөм күнүнө болгону 6 сомду түзөт (КНС эске алуу менен).
Кызмат жөнүндө кенен маалыматты сиз сайттан www.o.kg таба аласыз.

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады
Бардык жаңылыктар