Чет өлкөгө келер замат интернет менен байланыш – О! операторунан роумингде ыңгайлуу топтомдор

04.07.2024

О! операторунан роумингде интернет-топтомдору пайдалуу жана ыңгайлуу, сиз аба майданынан Wi-Fi же смартфонду ачып отурууну талап кылган жергиликтүү оператордун симкаларын издеп убара болбойсуз.

Пайда

Чет өлкөгө чыкканда топтомдордогу 1 мегабайт О! интернети болгону 0,9 сомду түзөт.

Ыңгайлуулук

Топтомдордун өлчөмдөрү кадимки эки жумалык өргүүгө да, ири топтомду кошууну талап кылбаган кыска мезгилдик сапарга да эсептелген. Ал эми топтом жетпей калса, «Мой О!» тиркемесинен жаңы топтомду оңой эле кошуп алса болот. 

табличка роуминг.png

Пайдалуу тариф кайсы өлкөлөрдө иштейт

Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Грузия, Беларусь, Армения, Таиланд, Вьетнам, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Испания, Бельгия, Дания, Люксембург, Түштүк Корея.

1000х250_роуминг-флаги.png

Кызмат үчүн эч кандай абоненттик төлөм каралган эмес, компаниянын кеңсесине баруу да талап кылынбайт. Активдештирүү үчүн *997# акысыз буйрутмасын терүү же кызматты «Мой О!» тиркемесинен кошуп алуу жетиштүү.

Роумингде 1 МБ эмнеге жетет?

1 мегабайт мессенджерлерден 50гө жакын билдирүү менен алмашууга, ошол эле жерден 1-2 мүнөт сүйлөшүүгө, орточо «салмагы» 200 килобайтты түзгөн 5 фотосүрөт жиберүүгө эмептелген. Демек, 50 мегабайттык минималдуу топтом мессенджерден болжол менен 100 мүнөт сүйлөшүүгө, картадан кайда турганыңызды аныктоого, такси чакырууга жана жакындарыңыз менен видео байланыш аркылуу кабарлашууга жетет.

Роуминг боюнча сунуштар

Алдын ала билинбеген чыгымдардын алдын алуу максатында сапарга чыккан мезгилде тиркемелердин мобилдик маалыматтар аркылуу автоматтык жаңылануусун өчүрүп коюңуз. Мындайча, смартфонуңуз аларды жаңылоо үчүн өз алдынча интернетке кире албайт.

Эгерде кандайдыр бир суроолоруңуз пайда болсо, О! мобилдик операторунун күнү-түнү иштеген онлайн колдоо кызматына WhatsApp: https://wa.me/996705700700 же Telegram: @o_mobile_operator_bot аркылуу жазыңыз.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.


Тизмеге кайтуу