Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору «Яблочный безлимит» грандиоздуу лотереянын финалисттерин куттуктайт, ал О!нун абоненттеринин арасында 2016-жылдын 7-июлунан тартып болуп өттү. Өткөн жумада лотереянын акыркы үчүнчү этабынын 40 жеңүүчүсү аныкталган.
Жаңы Apple iPhone-дун бактылуу ээлерин аныктоо үчүн атайын автоматташтырылган тутум колдонулду, ал лотереяга катышуучулардын тизмесинен кокус номерлерди генерациялайт. Ойнотуу ачык жана тунук болду – бардык каалоочулар өздөрү жеке күбө болуп, жеңүүчүлөрдү аныктоого катышышты.
«Бардык 100 iPhone өздөрүнүн бактылуу ээлерин тапты! Аларды куттуктайм! Жакында эле «Алмалуу чексиздик» лотереясынын жыйынтыктоочу этабынын 40 жеңүүчүсүн аныктадык жана алар самаган белектерди тапшырдык. Биздин жаңылыктарды карап туруңуздар – биз сиздер үчүн дагы көптөгөн сюрприздерди даярдап жатабыз!», - деди компаниянын компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Акыркы ойнотуунун бардык жеңүүчүлөрүнө О!нун байланыш борборунан 707 кыска номери аркылуу чалу менен маалымдалды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси жана сүрөттөрү менен www.100iphone.o.kg сайтынан таанышууга болот.


Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар
Бардык жаңылыктар