Өлкөнүн алыс жайгашкан дагы 60 калктуу конушу О! операторунун 4G LTE түйүнүнө кошулду

15.08.2019

Бүгүн Кыргызстандын телекоммуникациялык рыногунун лидери болгон О! операторунун жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик интернети Кыргызстандын калкынын 95%ына жеткиликтүү болуп калды. 2019-жылдын башынан бери 1300дөн ашуун калктуу пункт зымсыз байланыштын төртүнчү муунунун заманбап технологиясы менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 

Мурунку өткөн жумада эле О! компаниясынын техникалык адистери бүт Кыргызстан боюнча ондогон айыл менен шаарларда, жаңы жана кошумча базалык станцияларды орнотушту, алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусу: Кызыл-Кыя, Сузак, Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында жана Атана, Базаркоргон, Мукур, Ит-Агар, Жаңгактуу-Булак, Жаңы-Айыл, Ак-Суу, Таш-Кутчу, Өрүктү, Өрүктү-Сай, Теңги, Ала-Бука айылдардында;

  • Ош облусу: Ош жана Өзгөн шаарларында;

  • Баткен облусу: Кадамжай шаарында, Кулунду, Көк-Талаа, Достук, Чекелик, Жошук, Боз-Адыр, Мырза-Патча, Самат, Арка, Борбордук айылдарында, Сүлүктү жана Восточный шаар тибиндеги кыштактарда;

  • Талас облусу: Талас шаарында, ошондой эле Түйтө, Ынтымак, Таш-Арык, Ак-Жар, Бакай-Ата, Жон-Арык, Көк-Токой айылдарында;

  • Нарын облусу: Куйбышев атындагы, Миң-Булак, Кочкор, Баш-Кууганды, Достук, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Таш-Башат айылдарында.

«О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнүнүн оптимизациясы толугу менен жүрүп жатат. Жума сайын биздин техникалык кызматтар бүт өлкө боюнча жаңы базалык станцияларды куруп жана эксплуатацияга берип жатышат. Айрыкча басым узак жайгашкан райондорго жасалууда. Базалык станциялардын санынын көбөйүшү жалпысынан мобилдик байланыштын сапатын гана жакшыртпастан, жогорку ылдамдыктагы кеңири тилкелүү 4G LTE интернет менен аймактардагы калкты камсыздоо боюнча жалпы өлкөнү санариптештирүүнүн актуалдуу милдетин аткарып жатат», - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! Мобилдик оператору – кыргызстандыктарга 4G LTE стандартындагы маалыматтарды жогорку ылдамдыкта өткөрүү боюнча эң жаңы технологиялар менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алгачкылардан болуп көрсөткөн өлкөнүн ири байланыш оператору. 

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! түйүнүнүн камтуу картасы www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүндө жеткиликтүү.

 


Тизмеге кайтуу