Акыркы жаңылыктар
Мобилдик байланыш тармактарын оптималдаштыруу жана радио ченемдер боюнча профессионалдуу кызматтарды көрсөтүү менен алектенген DMTel компаниясы Бишкектеги О!, Beeline жана Megacom операторлорунун мобилдик байланыш тармактарынүн негизги техникалык мүнөздөмөлөрүн жана сапатын салыштырма баалоо боюнча жыйынтыктарын чыгарды.
Изилдөөлөр Бишкек шаарынын аймагында 748 км аралыктагы каттам боюнча сертификацияланган ченөөчү комплекти колдонуу менен жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө добуштук кызматтын, 2G/3G/4G тармактарында маалыматтарды берүү жана радио менен жабдуу кызматынын сапатынын негизги мүнөздөмөлөрү аныкталды. Изилдөө 2016-жылдын июлунда 7 күндөн ашык жүргүзүлдү. Кепти өткөрүү сапатынын негизги көрсөткүчтөрү жана маалыматтарды берүү кызматы боюнча мыкты жыйынтыктарды О! мобилдик оператору көрсөттү.
Добуштук кызмат
Бишкектеги добуштук кызматты текшерүүнүн алкагында ар бир оператор үчүн 2100 жакын добуштук байланыштыруулар аткарылган. DMTel аналитиктери операторлордун добуштук байланышынын сапатын бир нече көрсөткүч боюнча – белгиленген чалуулардын саны, аларды тосмолоолордун, баш тартуулардын жана үзүлүп калууларынын саны, добуштук туташтыруу үчүн орточо убакыт, ошондой эле кепти өткөрүү сапаты боюнча анализдешти.
Жалпысынан, Бишкектеги добуштук кызматты тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча үч оператордун тармактары көпчүлүк көрсөткүчтөрү боюнча бири бирине жакын позицияларды көрсөттү. Кепти өткөрүү сапаты боюнча О! тармагы эң алдыда, Beeline тармагы экинчи орунда жана Megacom үчтө. Beeline тармагы добуштук сервистин үзгүлтүксүздүк көрсөткүчү боюнча башка операторлордон артта калды.
Маалыматтарды берүү кызматы
DMTel-дин баалоосу боюнча, бардык операторлор көпчүлүк заманбап тиркемелердин (веб-сёрфинг, социалдык тармактар, электрондук почта ж.б.) драйв-тест маршрутунда ийгиликтүү иштеши үчүн зарыл болгон ылдамдык көрсөткүчүнүн орточо мааниси боюнча окшош.
Бирок О! жана Megacom мобилдик операторлорунун тармактарында абонент үчүн 20 Мбит/с босогосунан ашкан мобилдик интернеттин стабилдүү ылдамдыгын үзгүлтүксүз алып туруу мүмкүндүгүн мүнөздөй турган индикаторлордун көрсөткүчтөрүнүн маанилеринин үлүшү 35–45% түзөт, ал эми Beeline тармагында мындай ылдамдыктар катталган эмес. Бул жерде О! тармагы жогорку ылдамдыктар боюнча Megacom тармагынөн бир топко алдыда.
Ошентип, О! жана Megacom мобилдик операторлорунун тармактары гана абонент үчүн драйв-тест маршрутунун бир топ бөлүгүндө болушунча жогорку ылдамдыкты ишке ашыра ала турган мүмкүндүктү көрсөттү.
О! мобилдик оператору «YouTube ресурсунан агымдуу видео контентин жүктөө жана кайра ойнотуу сессиясынын жалпы узактыгы» жана «контентти суроодон тартып буферди толтуруу башталганга чейин убакыт» көрсөткүчтөрү боюнча биринчи орунду ээледи.
«Акыркы жылдары биз өз тармактарыбүздүн сапатын жакшыртуунун үстүнөн чоң иштерди жасадык: максималдуу ылдамдыктар бир топ өстү, 4G/3G тармактарынүн жабылышы жакшыртылды жана инфраструктуранын сыйымдуулугу көбөйтүлдү. Бул оператордун мобилдик байланыштын сапаты боюнча лидерге чыгууга жана бишкектиктерге сапаттуу жана жеткиликтүү добуштук байланыш кызматтарын жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетин колдонууга мүмкүндүк берди. DMTel көз карандысыз компаниясынын изилдөөсү О!нун байланыш сапатынын деңгээли – Бишкекте эң жогоркулардын бири экендигин далилдеп турат. бул жерде биздин абоненттер компаниянын тармактарды өндүрүүгө жумшаган инвестициялары уланып жаткандыгына ишенишсе болот.Ал эми мурункудан да жеткиликтүү кызматтарды киргизүү – бул биздин эң алгачкы милдеттерибиздин бири», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
2014-жылы О! мобилдик оператору өзүнүн технологиялык жана инновациялык лидерлигин бүгүнкү күндөгү мобилдик интернеттин эң жогорку ылдамдыктагы технологияларынын бирин - 4G-ны Кыргызстандагы байланыш операторлорунун ичинен биринчилерден болуп киргизүү менен ишенимдүү ырастагандыгын эске салабыз.

Валентина Шевченко кайрадан иште! Сезондун негизги беттеши O!TV'да түз эфирде

«Переходи на О! Комбо»: эми 80 ГБ жана 100 ГБ интернет + премиум-номер белекке

iPhone 17 O!Store'до – акысыз жеткирүү менен бөлүп төлөө бар

O!Prime – күн сайынкы артыкчылыктары менен премиум жазылуу! «Мой О!» тиркемесинде АКЫСЫЗ кошуп алыңыз

О! гигабайттарды жана мүнөттөрдү эки эсеге көбөйттү
Бардык жаңылыктар