Акыркы жаңылыктар
2023-жылдын 1-мартынан баштап, Кыргыз Республикасынын уюмдары менен ишкерлеринин баары жаңы үлгүдөгү контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен иштөөгө өтүшөт.
Онлайн-ККМге «О!Касса» сервисинин жардамы менен тез жана оңой өтүү мүмкүн. Программалык онлайн-касса – бул планшеттен, ноутбуктан же смартфондон колдонууга боло турган жөнөкөй тиркеме.
«О!Касса» онлайн-ККМ:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын бардык талаптарына жооп берет жана маалыматты көз ирмемде өткөрүүгө жөндөмдүү;
кассалык операциялардын баарын: сатуу, сатып алуучуларга чектерди жөнөтүү, кайтаруу, нөөмөттү ачуу жана жабуу, акча берүү жана салуу, ара жыйынтыктар жана башка иш-аракеттерди камтыйт;
ишкерлерге дүйнөнүн ар кайсы бурчунан бизнесин жүргүзүүгө жардам берет.
Кардарлар менен эсептешүүдө накталай акчаларды, банк карталарын жана электрондук акчаларды кабыл алуу мүмкүндүгү бар.
Азыр келишим түзгөн учурда, Сиз «О!Касса» тиркемесин 2023-жылдын 31-мартына чейин акысыз колдоно аласыз.
Эмнеден баштоо керек?
O!Store дүкөндөрүнүн биринен келишим түзүңүз
Керектүү документтердин тизмеси жана толук маалымат kkm.o.kg сайтында.
КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК: №16-0062-КР, №16-0063-КР.
О! менен киберкоопсуздук: жакында Intern Labs стажировкасы старт алат
Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо
О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ МААЛЫМДАЙТ
Жетишпеген – смартфонсуз калды! О!Store дүкөндөрүндө сатып түгөтүү аягына чыгып жатат
Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз
Бардык жаңылыктар