Акыркы жаңылыктар

О! мобилдик оператору жашоодо ар кандай нерселер болорун түшүнүп, «Мой О!» супертиркемеси нөл баланста да толугу менен акысыз бойдон калтырууда, ал эми бул күнүмдүк иштерди ыңгайлуу чечүүгө жардам берет. Тиркемеге акысыз кирүү функциясы тарифке акысыз кошулган, аны активдештирүүнүн кереги жок жана бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү.
«Мой О!» – бул ар дайым жаныңызда жүргөн жеке жардамчыңыз
Бул санариптик колдоо күтүлбөгөн кырдаалдарда жардамга келиши мүмкүн:
• Жумушка байланыштуу алаксып, байланыш үчүн өз убагында төлөөнү унутуп калдыңызбы? Wi-Fi издеп убара болбойсуз. Тиркеме аркылуу банк картасынан бир нече секундда эсебиңизди толуктап, дароо жумуш режимине кайта аласыз.
• Шаардан алыс кетсеңиз, ал эми жакындарыңызда интернет түгөнүп калса? Сиз ар дайым балаңыздын же ата-энеңиздин балансын алыстан текшере аласыз, аларга керектүү интернет-топтом сатып берип, же эсепке акча которо аласыз.
• Жолдо баратып, кызмат акысын шашылыш төлөш керекпи? Интернет топтому активдүү болбосо да, тиркеме аркылуу акча которууларды жөнөтүп, коммуналдык төлөмдөрдү, айып пулдарды же дүкөндөрдөгү сатып алууларды төлөй аласыз.
Жашоо сюрприздерге толгон, бирок «Мой О!» менен сиз ар дайым кырдаалды көзөмөлдөй аласыз.
«Мой О!» тиркемесин App Store жана Google Play'ден жүктөп алууга болот.

Бакубаттыктын символу: О! базалык станциясында кунастар (илегилектер) дагы уя салды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз
Бардык жаңылыктар