Акыркы жаңылыктар
Бүгүнкү күнү О! мобилдик операторунун расмий барактарына социалдык тармактардагы 72 миңден ашык колдонуучу жазылды. Ал эми компаниянын Facebook-барагы – эң популярдуу SocialBakers соцмедиа сервисинин аналитика маалыматы боюнча Кыргызстандын телеком-операторлорунун арасындагы лидер. Компаниянын барагынын жаңылануусун популярдуу соцтармактын 40 миңден ашык колдонуучусу карап турат.
«Биздин убакта социалдык тармактардын популярдуулугу аябай өстү. Бул таң калычтуу деле эмес, себеби соцтармактар билдирүүлөр, кызыктуу маалымат, окуялар менен тез алмашууга, сүрөт жана видео жүктөөгө мүмкүндүк берет. Колдонуучулардын соцтармактардагы О!го жазылып жатышы – бул биздин барактардын натыйжалуулугунун көрсөткүчү. Онлойн-кеңешке кайрылган каалаган колдонуучу пикир калтырып же жеке билдирүү жөнөтсө, бир канча мүнөттүн ичинде эле жаралган маселесин тез чече алат. 10-июлга чейин бардыгында iPhone 6S смартфонун ойнотууга катышуу жана бир жыл бою акысыз баарлашуу алууга мүмкүндүгү бар экендигин эске салам. Кошулуңуздар, катышыңыздар, акыркы окуялардан кабардар болуңуздар жана пайдалуу белектерди утуп алыңыздар!», – деп О! мобилдик операторунун директору Максим Сидоренко билдирди.
Компаниянын Facebook, «Одноклассники», Instagram, Twitter, Youtube жана Periscope-тогу расмий барактарына кошулуңуздар. Операторго жазылгандар компаниянын акциялары жана жаңылыктары жөнүндө биринчилерден болуп биле алышат. Ошондой эле колдонуучуларды таанып билүүчүлүк рубрикалар, бош орундар жөнүндө жарыялар, О!дон викториналар жана конкустар күтөт.
О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!
Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо
О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ МААЛЫМДАЙТ
Жетишпеген – смартфонсуз калды! О!Store дүкөндөрүндө сатып түгөтүү аягына чыгып жатат
Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз
Май майрамдарына чейин кошконго жетишип калыңыз: үй-бүлөңүз ар дайым байланышта жана көптөгөн көңүл ачуулар бар!
Бардык жаңылыктар