Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору жалпы Кыргызстан боюнча O!Store дүкөндөрүндө смартфондорду камсыздандыруу программасын баштап жатат.
Акысыз камсыздандыруу Huawei маркасынын бардык моделдик катардагы смартфондоруна 12 ай мөөнөткө берилет жана эң кеңири жайылган тобокелдиктерден коргойт. Мисалы, смартфондор электр тармагындагы чыңалуунун кескин чоңоюп кетишинен бузулушу мүмкүн, ошондой эле түзүлүштү кокусунан түшүрүп жиберип, талкалап же үстүнө суу төгүп алышат. Оңдоого кеткен чыгымдардын ордун толуктоого же жаңы иштеген смартфон алууга жалпы Кыргызстандагы О!Store дүкөндөрүнөн берилчү акысыз камсыздандыруу жардам берет, муну менен катар үстүнө эчтеке акча төлөбөйсүз.
О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко:
«Биздин дүкөндөрдө бардык баа категорияларындагы түзүлүштөрдүн көп түрү коюлган. Атап айтсак, популярдуу Huawei маркасынын болгону 6300 сомго эң үнөмдүү Huawei Y3II смартфонунан, 37990 сомго эң заманбап флагмандык түзүлүшү болгон Huawei P10 смартфонуна чейин таба аласыздар. Эми смартфонду насыяга сатып алуу жана бул үчун бонустарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү менен катар, биздин дүкөндөрдө күтүлбөгөн жагымсыз окуялардан да таптакыр акысыз камсыздандырылса болот».
Акысыз камсыздандырууну көрсөтүүнүн шарттары:
- түзүлүштүн механикалык бузуктугу;
- суюктуктун таасири;
- электр тогунун таасири.
Толук маалымат эскерткичте берилген.
O!Store дүкөндөрүнөн Huawei смартфонун сатып алгыла жана 12 айга таптакыр акысыз камсыздандыруу күбөлүгүнө ээ болгула!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады

Шакиранын концертине билеттер: O!Bank аркылуу бөлүп төлөңүз же «Мой O!» менен 5% кешбэк алыңыз!

О! операторунан 7 000 сомдон ашык үнөмдөө: Роутер жана ТВ-приставка бекер берилет!
Бардык жаңылыктар