Ишенимдүү жаңы смартфон O!Phone 4G PRO смартфонундай болуш керек

08.12.2017

Заманбап смартфондордун ичиндеги минималдык  топтомдоруна болгон талаптар ар дайым өсүүдө. О! мобилдик оператору мобилдик индустриядагы тренддерге байкоо салып жүрөт жана тез интернет үчүн – анча чоң эмес, кымбат эмес, бирок бардык популярдуу тиркемелерди кармаган кубаттуу жаңы фирмалык O!Phone 4G PRO смартфонун сунуштайт.

«Эреже катары, О! фирмалык смартфондору колдонууга ыңгайлуу жана баасы да анча кымбат эмес. Жаңы O!Phone 4G PRO смартфону  – өзү жөнүндө жакшы гана маанай калтырган, ишенимдүү жана бышык смартфонго муктаж кишилерге чыныгы жардамчы боло турган  жана ички кубаттуулугу менен тышкы көрүнүшү жагымдуу айкалышкан смартфон.», - деди О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

 Анча кымбат эмес баанын ичинде эмнелер бар?

  • Заманбап Android операциялык тутуму;

  • Кубаттуу эки ядролуу процессор жана  1 ГБ оперативдик эстутум;

  • 4G түйүнүндө иштөөнү кармоо;

  • Диагоналы 5 дюйм болгон мыкты экран;

  • Сапаттуу түстөрдү берүү;

  • 2 SIM-карта менен иштөө.

Смартфондун өңү - келишимдүү кочкул көк түс. Диагоналы 5 дюйм болгон чоң экран социалдык тармактардагы баракчаны карап чыгууга, YouTube  каналынан видеолорду көрүүгө жана интернетти кыдырууга мүмкүнчүлүк берет. Аппарат 2 SIM-карта менен иштейт. Тиркемелерди, фото, видео жана музыканы сактоо үчүн 8 ГБ эстутум бар. Бул мейкиндикти кеңейтүү үчүн MicroSD форматындагы эстутум картасын орнотуу жетиштүү болот. Смартфон 2400 мАч сыйымдуулугу менен бир топ эле кубаттуу аккумуляторго ээ. Смартфондо фотосүрөттөр үчүн негизги  8Мп камерасы, ал эми видеосүйлөшүүлөр үчүн маңдайкы 2Мп камерасы орнотулган.

O!Phone 4G PRO смартфону бүгүнкү күндөн баштап сатыкка – болгону 6490 сомго чыкты.  Артыкчылыгы катары жагымдуу бонус бар – жаңы O!Phone 4G PRO смартфонун сатып алган ар бир кардар балансына 300 сом алат. Бонусту чалууларга жана О! түйүнүндөгү тез мобилдик интернетке сарптаса болот. Ошондой эле, смартфонду айына 672 сомго насыяга да сатып алса болот.

O!Phone 4G PRO – олуттуу смартфон!

*Шашылыңыздар. Смартфондордун саны чектелүү.

 

 


Тизмеге кайтуу