Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору Европанын дагы эки оператору менен өнөктөштүк келишимин түздү – эми Бельгиянын Proximus түйүнүндө жана Люксембургдун Tango түйүнүндө роумингдеги 1 мегабайт 1 сом турат.
Чет өлкөдөгү жакындарыңыз жана туугандарыңыз менен өз номеринде байланышта болуңуз. Интернет-роумингде «1 МБ за 1 сом» тарифи төмөнкү өлкөлөрдө төмөндөгү түйүндөрдө да иштейт:
Казакстан - бардык операторлорунун түйүндөрүндө;
Россия - МегаФон, Tele2 жана Beeline RU;
Армения - Beeline AM;
Түркия - Turkcell;
Кытай - China Mobile;
Өзбекстан - Ucell;
Сауд Арабиясы - Saudi Telecom Company;
Таиланд - True Move;
Вьетнам - Viettel;
Украина - Vodafone;
Испания - Xfera;
Беларуста - MTS жана BeST.
Чет өлкөдө байланышта болуу үчүн азыр акысыз кошуп алыңыз. Кызмат эч кандай абоненттик төлөмдү талап кылбайт, оператордун кеңсесине дагы баруунун кажети жок, акысыз*997# буйрутмасын терүү гана жетиштүү.
«Интернет-роуминг» топтомдору менен сиз дагы 10% үнөмдөйсүз:
«Интернет-роуминг 50 МБ». Кошуу: *997*50# (45 сом);
«Интернет-роуминг 100 МБ». Кошуу: *997*100# (90 сом);
«Интернет-роуминг 250 МБ». Кошуу: *997*250# (225 сом).
О! Мобилдик оператору саякатчылар үчүн мобилдик баарлашууну максималдуу түрдө пайдалуу жана ыңгайлуу кылууга аракетин жасап келет. Техникалык колдоо күнү-түнү иштейт жана кыргызстандыктарга алар каякта болбосун ырастоолоруна жардам берүүгө даяр. Роумингдеги абоненттер атайын буйрутмаларды терүү менен бардык маселелерди акысыз чече алышат.
Чалуулар, SMS же интернет боюнча суроолор пайда болгон учурда WhatsApp 996 705 700 700 номери боюнча онлайн-кеңеш берүү жеткиликтүү.
Чет өлкөдө жүргөндө Wi-Fi же баланста каражат жок болуп калган учурда, роумингдеги акысыз SMS-билдирүүлөрдүн жардамы менен жакындарыңызга баары жайында экендиги тууралуу кабар бере аласыз.
О! Мобилдик операторунун роуминги чек араларды өчүрөт!
Кошумча маалыматты www.o.kg сайтындагы «Интернет-роуминг» бөлүмүнөн тапса болот.
O!Store мурункудан да жакын болуп калды – Бишкекте жана Чүй облусунда 5 жаңы дүкөн ачылды
«Үй-бүлө Премиум» тарифинин ээси менен достошуунун себеби
Wink онлайн-кинотеатрындагы кызыгуу жараткан 7 сериал. «Комбо» менен акысыз көрүңүз
Жайды көркүнө чыгаруу үчүн Honor смартфонун танда
O!Store дүкөнүнөн iPhone сатып алсаңыз, фирмалык кап белекке берилет
Бардык жаңылыктар