Кыргызча
Кош келиңиз!

Кош келиңиз!

Эски номериңиздин көчүрмөсүн жаңы код менен алыңыз!

Номердин көчүрмөсүн кантип ала аласыз?

1.   Алгыңыз келген номердин бош же бош эмес экендигин тутумдун номерине чалып билиңиз

0 500 000 500 (тарифтөө тарифиңиздин шарттары боюнча).

2. Паспортуңуз менен О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринин бирине кайрылыңыз.

Кызмат кимдер үчүн жеткиликтүү?

Кызмат О! түйүнүнүн абоненттери сыяктуу эле, КР башка мобилдик операторлорунун абоненттерине дагы жеткиликтүү:

  • Кыргызстандын башка мобилдик байланыш операторлорунун абоненттерине кийинки коддор менен алмаштыруу жеткиликтүү: 500, 501, 502, 503, 504, 505, 507, 508, 509;

  • О! абоненттери эски номерлеринин көчүрмөсүн 500 коду менен гана ала алышат.

Бардык коддор менен номердин көчүрмөсү бош эмес болсо эмне кылуу керек?

Эгер сиздин номериңиздин көчүрмөсү бош эмес болсо, анда «Менин жаңы номерим» кызматынын алкагында Standart, VIP, Gold, Silver же Platinum категорияларына кирген каалаган номерди алсаңыз болот.

Номерди алмаштыруунун баасы канча?

«Кош келиңиз!» кызматынын алкагында номерди алмаштыруунун баасы анын категориясына жараша болот:

Standart

0 сом

Silver

0 сом

Gold

3 000 сом - 900 сом (31.12.2025-жылга чейин 70% арзандатуу менен)

VIP

10 000 сом- 3 000 сом (31.12.2025-жылга чейин 70% арзандатуу менен)

Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.