
Чексиз SMS-чат
Жаңы таанышуулар сени күтүп жатат!
«Чексиз SMS-чат» кызматы баарлашуу үчүн шерикти SMS-билдирүүлөрдүн жардамы менен бат жана оңой табууга мүмкүнчүлүк берет.
Чатта баарлашуу жашыруун. Эгер Сиз инкогнитону ачык кылгыңыз келбесе, эч ким Сиздин телефон номериңизди биле албайт. Чатта баарлашкандан кийин эч кандай тажатма чалуулар жана SMS келбейт.
Чатта баарлашуу бир гана сүйлөшүүчү адам менен чаттын ичинде болот.
Чатка кирүү үчүн *8880# буйрутмасын терүү керек, андан кийин анда Сизге SMS-чат сунуш кылган нускаманы аткарышыңыз керек.
Көңүл буруңуз! Эгер сүйлөшүп жаткандардан 30 мүнөттүн ичинде билдирүү келбесе, чаттан чыгуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Алгачкы кошулууда биринчи 3 күн акысыз
Күнүмдүк абоненттик төлөм: 2 сом (бардык баалар КНС эске алынып көрсөтүлгөн, СС кошулган жок)
Кошуу буйрутмалары: 8880
Кызмат О! мобилдик операторунун бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү
Кызматка жазылууну өчүрүү үчүн *8880*0# USSD-буйрутмасын терүү керек.
Эгер абоненттик төлөм алынган учурда эсебиңизде абоненттик төлөмдү алуу үчүн керектүү сумма жок болуп калса (балансыңыз 2 сомдон аз болсо), анда кызматтын шарттарын көрсөтүү убактылуу токтотулат. Балансты 2 сомго же андан жогору суммага толуктагандан кийин кызмат кайра көрсөтүлө баштайт.
Эгер Сиз кызматты 90 календардык күндүн ичинде колдонбосоңуз, балансты толтурганда абоненттик төлөмдү күтулбөгөн жерден алуунун алдын алуу үчүн кызмат 91-күндөн тартып автоматтык түрдө өчүрүлөт. Сизге алдын ала тийиштүү SMS-билдирүү келет.
*8880# USSD-буйртумасын тергенде, Сиз кызмат көрсөтүүнүн ушул шарттары менен таанышкандыгыңызды такстыктап, алар менен макул экендигиңизди билдиресиз.