4 жумага абоненттик төлөм | 290 сом |
Максималдуу ылдамдыктагы | Суткасына 200 МБ |
О! түйүнүндө чалуулар жана SMS | Акысыз |
Башка түйүндөргө акысыз чалуулар* | 100 мүнөт |
КРнын дайындуу байланыш | 4,99 сом/мүн. |
«Мобилдик айлык акы» кызматынын алкагындагы тарифтин | 1 сом |
КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS* | 1,50 сом |
Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн жана акысыз мүнөттөрдүн | *728*9# |
Чалуулардын тарифтөө кадамы - 10 секунда. Интернет кызматынын тарифтөө кадамы 100 Кб.
Тарифтин чегинде максималдуу ылдамдыктагы күнүмдүк интернет-топтомдон ашып кеткен учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
«Сенин нөлүң Стандарт 4 жума» тарифинин абоненттери 200 МБ жана 500 МБ өлчөмүндө «Турбокнопкаларды» кошо алышат, алар учурдагы сутканын 23:59:59га чейин максималдуу ылдамдыктагы кошумча интернет-трафикти колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Турбокнопкаларды «Жеке кабинетте», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы аркылуу кошууга болот:
«Турбокнопка 200 МБ» – *735*200# (Кошуу баасы 10 сом)
«Турбокнопка 500 МБ» – *735*500# (Кошуу баасы 20 сом).
«Сенин нөлүң Стандарт 4 жума» тарифинин мөөнөтү тарифке кошулган учурдан тартып ар 4 жума сайын (28 күн) автоматтык түрдө улантылып турат.
Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгерде номер SIM-картаны тарифтик планыңызга ылайык активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлбөсө, Сизге салыктардын бардыгын эске алуу менен күнүнө 20 сом өлчөмүндө кепилденген ээлеп коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул мөөнөт ичинде Сиз номерди каттоодон өткөрө аласыз. Өздүк эсебиңизде 20 сомдон аз сумма калса, оператор кызматты калдыктын суммасына көрсөтүүгө укуктуу. Баланста акча каражаты жок болсо, номериңиз өчөт – SIM-картаңыз деактивацияланат;
«Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифи эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;
КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;
Бардык кирүүчү чалуулар акысыз. КР дайындуу байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалууларда сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 4,99 сом;
Байланыш кызматтарынын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтештирүүнүн мимнималдуу бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;
«Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифине кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;
Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифтик план үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда (акы төлөө менен) көрсөтүлө баштайт;
«Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифтик планынын абоненттери номерди тандап алып, аны «Менин жаӊы номерим» кызматынын шарттары боюнча алмаштыра алат;
Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;
«Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифтик план менен SIM-картаны активдештирүүдө же «Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен төмөн баада эл аралык чалууларды жасоого болот;
«Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт;
Эгер «Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү автоматтык түрдө алуу учурунда абоненттин балансында абоненттик толөмдү алууга жеткиликтүү сумма жок болсо, баланстагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, жетишсиз сумма баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;
Эгер сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп, жана жумалык абоненттик тѳлѳмдү алуу учурунда балансыӊыздагы каражат 360 сомдон аз болсо, анда аталган кызматтар жеткиликтүү болбой калат. Кызмат боюнча абоненттик тѳлѳмдү кошулган кызматтын шарттарына ылайык алуу улантылат. Бул кызматтарды каалаган убакта конкреттүү кызматты кѳрсѳтүү эрежелерине ылайык ѳчүрүп койсо болот;
«Сенин нѳлүӊ Стандарт 4 жума» тарифинин алкагында «5+5», «Сенин нѳлүӊ күн сайын!», «Сенин чексиздигиӊ», «Сени нѳлүӊ!» (7 күн), «Сенин нѳлүӊ белекке!», «Сенин нѳлүӊ 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+» кызматтарын кошуу мүмкүн эмес;
Абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү.
Тарифтик план боюнча абоненттик төлөмдү алуу үчүн жетиштүү баштапкы балансы жок бул тарифтик план менен SIM-карталардын алкагында, өздүк эсепти абоненттик төлөмдү алуу үчүн жетиштүү суммага толуктаганга чейин байланыш кызматтары Оной+ базалык тарифтик планынын шарттарында көрсөтүлөт.
*КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (Megacom СМ), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (Beeline СМ), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын (SALAM СМ) номерлери кирет. Наркы алгачкы 100 мүнөт үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 28 календарлык күндүн ичинде жарамдуу. 101- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик GSM байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 1 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 100 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.
**Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифтештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх дайындуу байланыш номерлерине чыгуучу чалуулардан тышкары; .
**** Бул тарифке ѳткѳндѳ же бул тарифтеги SIM-картаны активдештиргенде, автоматтык түрдѳ 30 суткалык акысыз мѳѳнѳт үчүн «Мобилдик айлык акы!» кызматы кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.