Атайын жешилбей турган M2M SIM-карта:
M2M SIM-карта – бул татаал климаттык же өндүрүштүк шарттарда туруктуу байланыш:
• -50 °Сдан +105 °Сга чейинки температурада;
• Жогорку нымдуулукта;
• Чаңдуулукта же 5 Гцтен 500 Гцке чейинки вибрацияда;
• Электростатистикалык разряддардан коргоо менен;
• Коррозияга каршы өзгөчөлүккө ээ.
Акылдуу түзүлүштөр үчүн оптималдуу шарттар:
Ар 30 күн төмөнкүлөр жеткиликтүү:
• Жогорку ылдамдыкта 200 МБ интернет, андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн;
• О! түйүнүнүн ичинде 100 SMS;
• О! түйүнүнүн ичинде 10 мүнөт.
Төлөөнүн пайдалуу жана ыңгайлуу варианттары:
• Бир айга (30 күн): 50 сом;
• 3 айга (90 күн): 140 сом;
• Жарым жылга (180 күн): 280 сом;
• Бир жылга (360 күн): 490 сом.
Тарифти башкаруунун ыңгайлуу ыкмалары:
Балансты, интернет-трафик жана SMS калдыктарын текшериңиз:
• Номерди «Мой О!» тиркемесинен «Менин номерлериме» кошуңуз;
• Же PIN2 кодунун жардамы менен Жеке кабинетке кириңиз;
• Же эгерде M2M SIM-картага кирүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, *827*9# буйрутмасын териңиз.
Бул тарифти жактырдым, кантип кошулса болот?
Тарифке каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн кошулса болот.
Атайын M2M SIM-картасынын баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 100 сом.