Кыргызча
<p><span style="color: #f0047f">Бирге арзан Премиум</span></p>
  • internet40 ГБ
  • call_inАкысыз
  • call_out15 минут
  • tv-chanells220+ ТВ-канал
1890 c
  • О! түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар жана SMS, өлкөнүн башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 15 мүнөт жана айына 40 Гигабайттан Интернет-трафик үчүн 3 SIM-карта!

  • Роутерде колдонуу үчүн чексиз интернети бар 1 SIM-карта!

  • «О!TV Премиум» топтому кошулган O!TV мобилдик телевидениеси! 220дѳн ашуун телеканал: балдар, спорт, жаӊылыктар жана башка кѳптѳгѳн каналдар.

  • «Бирге арзан Премиум» тарифине каалаган O!Store дүкөнүнөн кошулууга болот.

Жаңы тарифке кошулуу өлкөнүн бардык облустарында жеткиликтүү!

Бүт топ үчүн абоненттик тѳлѳм:
айына 1 890 сом.

Башкы SIM-картанын гана балансынан тѳлѳнѳт жана айына 1 эле жолу!

Көрсөтүү шарттары
expanded panel icon down

«Бирге арзан Премиум» тарифинин негизги курамы 4 SIM-картадан турат:

1. Башкы SIM-карта (1 даана) – SIM-картаны телефондо пайдаланыш керек. Айлык абоненттик төлөм ушул SIM-картадагы номерден алынат. Кошумча номерлерди башкаруу да ушул номерден жүргүзүлөт.

2. Роутер үчүн SIM-карта (1 даана) – бул SIM-картаны роутерде Интернетке чыгуу үчүн колдонуу керек.

3. Телефондо колдонуу үчүн кошумча эки SIM-карта (2 даана). SIM-карталарды үй-бүлө мүчөлөрү телефондо колдонууга тийиш.

Топко үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша кошумча 2 SIM-картага чейин дагы кошсо болот: топто роутердеги SIM-карта менен бирге максимумалдуу 6 SIM-картага чейин кошуу каралган. Башкы номер «Бирге арзан Премиум» тарифине кошулганган кийин эки кошумча номерлерди бир жолу акысыз кошууга жол берилет, ал эми номердин улам кийинки кошуунун/алмаштыруусунун баасы 300 сомду түзөт. Эгер Башкы номер топко 3-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 2 190 сомду түзөт, 4-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 2 490 сом болот.

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 2,8 сом/мүн.

  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана

  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 4,99 сом/мүн.

  • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 2 кошумча) мобилдик интернеттин алгачкы 40 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;

  • Роутердеги номер үчүн интернет трафик чектөөсүз максималдуу ылдамдыкта берилет;

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс, «Мой О!» мобилдик тиркемесинен же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:

«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

«Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

«Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

«Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

  • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «Бирге арзан Премиум» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;

  • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;

  • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.

  • «Бирге арзан Премиум» тарифтик планынын алкагында Башкы номерде 200 ТВ каналды камтыган «О!TV Премиум» ТВ каналдар топтому каралган. Сүйүктүү ТВ каналдарыӊызды кѳрүү үчүн AppStore (iPhone жана iPad үчүн), Google PlayMarket (Android үчүн) дүкѳндѳрүнѳн тиркемени кѳчүрүп алуу же болбосо www.otv.kg веб-порталына кирүү жетиштүү. Мультискрин функциясынын жардамы менен сервисти үй-бүлѳнүн 5 мүчѳсү бир эле учурда ар башка түзүлүштѳрдѳн (телевизор, планшет же телефон) колдоно алат! О!TV кызматы жѳнүндѳ кененирээк маалымат бул жерде;

«Бирге арзан Премиум» тарифи үчүн абоненттик төлөмдү 1 890 сомдон 1 жылга ай сайын* төлөө шартын кабыл алуу милдеттүү.

* 1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Бул шаррты мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 2 500 сомду түзөт.

Команды управления
expanded panel icon down

Башкы номер тарабынан Кошумча номерди кошуу

*990*0X0Xxxxxxx#

Башкы номер тарабынан Кошумча номерди өчүрүү

*990*0*0X0Xxxxxxx#

Башкы номер тарабынан Кошумча номерлердин тизмесин алуу

*990*9#

Интернет-трафиктин калдыгын топтогу бардык номерлер текшере алышат

*728*9#

Тариф тууралуу кошумча маалымат
expanded panel icon down
  • Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгер SIM-карта активдештирилген соң 30 күндүн ичинде номер катталбаса, тарифтик планга ылайык, Сизге бардык салыктарды кошкондо, күнүнѳ 20 сом ѳлчѳмүндѳ кепилденген ээлеп туруу мѳѳнѳтү берилет. Бул мѳѳнѳттүн ичинде номериңизди каттоо мүмкүндүгү сакталып турат. Ѳздүк эсебиңизде 20 сомдон аз каражат калган учурда, оператор калдыктын суммасына кызмат кѳрсѳтүүгѳ укуктуу. Балансыңызда каражат жок болсо, номериңиз ѳчүрүлѳт – SIM-карта деактивацияланат;

  • КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;

  • Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген кирүүчү чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 4,99 сом;

  • «Бирге арзан Премиум» тарифтик планына кошулганда, «Үн почтасы» кызматы кызматтын сайтта каралган шарттарынын негизинде автоматтык түрдө кошулат;

  • «Бирге арзан Премиум» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык Роутер үчүн SIM-картанын номеринен башка номерди тандай алышат жана өзгөртө алышат;

  • Эгер сизде абоненттик төлөм күн сайын алынуучу кошумча кызматтардын бири кошулган болсо, «Бирге арзан Премиум» тарифи боюнча кезектеги ай сайын алынуучу абоненттик төлөм алынган учурда балансыңыз 1 890 сомдон аз болсо, кошулган кошумча кызматты колдонуу чектеле баштайт, мында кошулган кошумча кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык кызматтын абоненттик төлөмүн алуу улана берет. Конкреттүү кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык пайдалануунун каалаган учурунда кызматтын маалыматтарын өчүрүүгө болот;

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү;

  • «Бирге арзан Премиум» тарифтик планына кошулганда, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүргүзүүгө болот;

  • «Бирге арзан Премиум» тарифинин алкагында роумингдин кызматы сайтта баяндалган жалпы эрежелердин негизинде көрсөтүлөт;

  • Эгер ай сайын алынуучу абоненттик төлөмдү алуу учурунда Башкы SIM-картанын балансында жеткиликтүү сумма жок болсо, анда абоненттин балансындагы бардык сумма болочок төлөм катары резервделет, ал эми жетишпеген сумма баланста кемитүү белгиси менен (терс баланс) көрсөтүлөт жана шашылыш кызматтардын акысыз номерлерине чалуулардан башка бардык чыгуучу мобилдик байланыш, O!TV жана интернетке кирүү өчүрүлөт. Мобилдик байланыш кызматтарын, O!TV колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн балансты айлык абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү суммага толуктоо керек;

  • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү жайы катары модем режиминде колдонгондо «Интернет тарат!» кызматы менен пайдалануу керек;

  • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
    ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
    ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (25 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.

  • «Бирге арзан Премиум» тарифинин алкагында Башкы жана Кошумча номерлерде төмөнкү кызматтарды кошуу мүмкүн эмес: ««5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң 3, 6, 12!» жана «СУПЕРХАЙП + YouTube»;

  • Бардык SIM-карталардагы интернет топтому 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги айлык абоненттик төлөм алуу учурунда интернеттин сарпталбаган мегабайттары күйүп кетет.

  • Тарифтин, бир айлык абоненттик төлөмдүн, Кошумча номерди кошуунун/алмаштыруунун жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасында КНС эске алынып, СС кошулган жок;

  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КР башка байланыш операторлоруна чалуулардын тарифтештирүү интервалы – 10 секунда.

  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.

Тарифти алмаштыруу шарттары
expanded panel icon down
  • Башкы номердеги «Бирге арзан Премиум» тарифин мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу (тарифке кошулган учурдан тартып 12 милдеттүү абоненттик төлөм төлөнгөнгө чейин) Башкы номер катары катталган абонент каалаган О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда жана 2 500 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөгөндө гана мүмкүн;

  • Башкы номер тарабынан «Бирге арзан Премиум» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «Бирге арзан Премиум» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт;

  • Эгер Башкы номер «Бирге арзан Премиум» тарифин каалаган башка тарифке алмаштырса, анда бардык Кошумча номерлерде автоматтык түрдѳ «Переходи на О!» топтомунун которулган учурда актуалдуу болгон тарифтик планына, ал эми роутердин номери – роутерлер менен модемдерге арналган актуалдуу тарифтик планга кошулат;

  • Эгер Башкы номер топтогу Кошумча номерлердин бирөөсүн өчүрүп салса, анда өчүрүлгөн номердин тарифи «Переходи на О!» топтомунун которулган учурда актуалдуу болгон тарифине автоматтык түрдө алмашат;

  • Эгер Кошумча номерлердин бири «Бирге арзан Премиум» тарифин өз алдынча алмаштырып алса, анда Кошумча номердеги «Бирге арзан Премиум» тарифинин шарттары автоматтык түрдө өчөт да, учурдагы балансты эске алуу менен жаңы тарифтин шарттары кошулат.