О!Үй-бүлө+
• О! түйүнүнүн ичинде акысыз сүйлѳшүү үчүн 4 SIM-карта!
• Ар бирине бир айга 40 ГБ интернет
• КРнын башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 5 мүнөт
• Эң мыкты 40 ТВ-канал
• «Мой О!» тиркемесинен балдардын жүргөн жерин аныктоо
«О!Үй-бүлө+» тарифин кошуу жана топтомду сатып алуу үчүн O!Store сатуу жана тейлөө кеңселеринин бирине кайрылсаңыз болот.
Эгер сиз О! абоненти болсоӊуз, топтомду сатып алууда анын ичиндеги SIM-карталарды ѳзүңүздүн учурда колдонуп жаткан номерлериңизге акысыз которуп алсаӊыз болот.
Тарифти кошуу өлкөнүн бардык областтарында жеткиликтүү!
Баштапкы топтом үчүн абоненттик төлөм:
30 күнгө 990 сом.
Бир эле башкы SIM-картанын балансынан төлөнөт
Айына 1 жолу!
Баштапкы топтомдун жана абоненттик төлөмдүн баасы 30 күнгө – 990 сом.
«О!Үй-бүлө+» баштапкы топтому 4 SIM-картадан турат:
1. Башкы SIM-карта (1 даана) – Айлык абоненттик тѳлѳм ушул SIM-картанын номеринен алынып турат. Кошумча номерлерди башкаруу аталган номерден ишке ашырылат.
2. Кошумча үч SIM-карта (3 даана) үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳ берилет.
Номерлерди топко кошуу:
Үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнүн санына жараша, топко дагы кошумча 2 SIM-картаны киргизсе болот: топко эӊ кѳп Башкы SIM-карта менен биригип, 6 SIM-картаны киргизүү мүмкүн. «О!Үй-бүлѳ+» тарифин кошуу учурунда баштапкы топтомдун алкагында берилген номерди учурда колдонулуп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз которууга уруксат берилет, ал эми кийинки номер которуулардын ар бири 250 сомду түзѳт. Баштапкы топтомго ар бир номерди кошуунун баасы 250 сом. Эгер баштапкы топтом орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 5-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1240 сомду түзөт, 6-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1490 сом болот.
• КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар – алгачкы 5 мүнөт акысыз, андан ары - 2,8 сом/мүн.
• Кыргызстандын ичинде SMS - 1,5 сом/даана.
• КРнын дайындуу операторлорунун номерлерине чалуулар - 4,99 сом/мүн.
• Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 3 кошумча) мобилдик интернеттин алгачкы 40 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
• Максималдуу ылдамдыктагы 40 ГБ интернет-топтому бирдей, күн менен түнгө БӨЛҮНБӨСТӨН берилет;
• Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:
• «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);
• «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);
• «Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);
• «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).
• «Турбокнопкалардын» активдүүлүк мөөнөтү– «О!Үй-бүлѳ+» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуунун алгачкы аракетине чейин;
• Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
• «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын башка мобилдик түйүндѳрүнѳ пайдалуу чалуулар үчүн:
• «Башка түйүндѳргѳ 10 мүнѳт» топтомун кошуу *545*10# (бардык салыктарды эске алуу менен 25 сом)
• «Башка түйүндѳргѳ 20 мүнѳт» топтомун кошуу *545*20# (бардык салыктарды эске алуу менен 50 сом)
Башкы номер тарабынан Кошумча номерди кошуу | *966*0X0Xxxxxxx# |
Башкы номер тарабынан Кошумча номерди өчүрүү | *966*0*0X0Xxxxxxx# |
Башкы номер тарабынан Кошумча номерлердин тизмесин алуу | *966*9# |
Интернет-трафиктин калдыгын топтогу бардык номерлер текшере алышат | *728*9# |
• Маанилүү! SIM-карта катталбаса, байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгерде номер SIM-картаны тарифтик планга ылайык активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлбөсө, анда Сизге бардык салыктарды эске алганда күнүнө 20 сом өлчөмүндө акы төлөө менен номерди кепилденген ээлеп коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул мөөнөттүн ичинде номерди каттоо укугу сакталып турат. Өздүк эсебиңизде 20 сомдон аз каражат калса, оператор кызматты калдыктын суммасына көрсөтүүгө укуктуу. Балансыңызда каражат жок болсо, анда номериңиз өчөт – SIM-карта деактивацияланат;
• КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
• Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КР дайындуу телефон байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген кирүүчү чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
• КРнын дайындуу байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – 5,99 сом;
• Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтөөнүн минималдуу бирдигин төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттарынын суммасына барабар;
• «О!Үй-бүлѳ+» тарифтик планына кошулганда, “Үн почтасы” кызматы кызматтын сайтта белгиленген шарттарынын негизинде автоматтык түрдө кошулат;
• «О!Үй-бүлѳ+» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык башка номерди тандап, аны өзгөртө алышат;
• Эгер сизде абоненттик төлөм күн сайын алынуучу кызматтардын бири кошулган болсо, «О!Үй-бүлѳ+» тарифи боюнча кезектеги ай сайын алынуучу абоненттик төлөм алынган учурда балансыңыз 990 сомдон аз болсо, кошулган үзгүлтүксүз кызматты колдонуу чектеле баштайт, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык үзгүлтүксүз кызматтын абоненттик төлөмүн алуу улана берет. Конкреттүү кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык пайдалануунун каалаган учурунда кызматтын маалыматтарын өчүрүүгө болот;
• Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү түйүнү катары модем режиминде колдонуш үчүн «Интернет тарат!» кызматынан пайдаланыңыз;
• Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү;
• «О!Үй-бүлѳ+» тарифтик планына кошулганда, “Бүткүл дүйнө!” кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды ишке ашырууга болот;
• «О!Үй-бүлѳ+» тарифинин алкагында роуминг кызматы сайтта баяндалган жалпы эрежелердин негизинде көрсөтүлөт;
• Абоненттик төлөм алына турган учурда Башкы номердин балансында абоненттик төлөмдү төлөө үчүн каражат жетишсиз болсо, баланста болгон сумманын бардыгы алдыдагы абоненттик тѳлѳмдүн эсебине резервге калтырылат, ал эми жетпеген бѳлүгү баланста кемитүү (жетпеген баланс) белгиси менен чагылдырылып, шашылыш кызматтардын номерлерине акысыз чалуулардан тышкары, чыгуучу мобилдик байланыш кызматтары менен интернетке кирүү мүмкүндүгү ѳчүрүлѳт. Мобилдик байланыш кызматтары менен интернетке кирүү мүмкүндүгүн алуу үчүн балансты айлык абоненттик тѳлѳмгѳ жете тургандай суммага толуктоо зарыл;
• Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн Сатуу жана тейлѳѳ кеӊселеринин бирине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (25 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.
• Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөм акыркы алынган күндөн тартып) абонент интернет-сервисти кыянаттык менен пайдаланса жана башка абоненттерге ыңгайсыздыктарды жааратса, анда тутум абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып (эсептешүү мезгилине чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы катары түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүү жана болуп саналат жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык берилет;
• «О!Үй-бүлѳ+» тарифинин алкагында Башкы жана Кошумча номерлерде төмөнкү кызматтарды кошуу:
Мүмкүн:
«Башка түйүндөргө 10 мүнөт», «Башка түйүндөргө 20 мүнөт», «Мобилдик айлык акы!» кызматы
Мүмкүн эмес:
«5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң плюс», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң 3, 6, 12!», «Түнкү Безлимит», «Smart 300», «Smart 1000», «Smart Unlim», «Планшет Unlim», «Бирге», «СУПЕРХАЙП+YouTube», «Переходи на О! Light+ белек», жана «Сенин нөлүң 7 күнгө белекке» («белекке» кызматтарын Белек берүүчү жана Алуучу катары кошуу мүмкүн эмес).
• Эгерде бардык SIM-карталардагы интернет топтому 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги айлык абоненттик төлөм алуу учурунда интернеттин сарпталбаган мегабайттары күйүп кетет.
• О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КР башка байланыш операторлоруна чалуулардын тарифтөө кадамы – 10 секунда.
• Бир айлык абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн, калган кызматтардын баасында КНС эске алынып, СС кошулган эмес.
«Үй-бүлө кайда?» кызматынын жалпы шарттары
«О!Үй-бүлө+» тарифинин алкагында «Үй-бүлө кайда?» акысыз кызматы менен сиз балдарыңыздын кайда экенин ар дайым кошумча чалуулар менен убара кылбастан биле аласыз жана зарыл болсо, балаңыз жайгашкан жерин «Көңүл буруңуз, мен бул жердемин!» атайын сигналы аркылуу билдире алат. Бир жолу гана анын издөөгө уруксатын алуу жетиштүү. Кызмат «О!Үй-бүлө+» тарифинин шарттарына акысыз кошулган жана сиздин тариф төлөнгөн шартта жеткиликтүү.
Баланын жайгашкан жерин аныктоо
Баланын жайгашкан жерин аныктоо үчүн андан «Мой О!» тиркемеси аркылуу уруксат алуу керек.
Ал үчүн «Мой О!» тиркемесине кириңиз, «Менин үй-бүлөм» опциясын тандаңыз жана «Жайгашкан жерин суроо» баскычын басыңыз, андан кийин балага анын жайгашкан жерин аныктоого уруксат берүү сурамы SMS-билдирүү менен жөнөтүлөт. Бул SMS-билдирүүгө бала 7887 номеринен алынган SMS'тен тексти киргизип же «Мой О!» тиркемесинде өзүнүн макулдугун ырастайт. Жайгашкан жерин аныктоодон баш тарткан учурда, бала жөн гана келген SMS'ке көңүл бурбай коет.
Өзүнүн жайгашкан жерин аныктоого макулдугу тастыкталган учурда, сиз «Мой О!» тиркемесинен анын жайгашкан жерин көрө аласыз, ошондой эле сиздин балаңыз «Мой О!» тиркемесинде «Көңүл буруңуз, мен бул жердемин!» баскычын басып кабарлап тура алат – сиз балаңыздын жайгашкан жери жөнүндө маалымат менен SMS-билдирүү аласыз. «Көңүл буруңуз, мен бул жердемин!» белгисинин саны - күнүнө 5 жолу.
Издөө сурамдарынын санына чектөө
Жайгашкан жерин аныктоо кызматы тиешелүү суроо-талапка уруксат берген топтун бардык номерлеринде жеткиликтүү. Акысыз негизде өзүнүн жайгашкан жерин аныктоого уруксат (макулдугун) берген баланын жүргөн жерин аныктоого 10-го чейин издөө сурамын 1 саатта жөнөтүү мүмкүндүгү берилет. Белгиленген сааттык чектен ашып кеткен учурда, ата-энеге бул жөнүндө кабарлама берилет.
Кошумча шарттар
- Эгерде издөө сурамын жөнөткөн учурда бала тармактын чегинен тышкары жерде болсо же анын телефону өчүрүлгөн болсо, ата-эне суралган номердин жеткиликсиздиги жөнүндө билдирүү алат.
- «Мой О!» тиркемесинде өзүнүн жайгашкан жерин аныктоого тыюу салууну орнотсо болот.
- Абоненттин жайгашкан жерин аныктоонун радиусу:
- Бишкекте 250-500м
- шаарларда жана ири калктуу конуштарда 500м-800м
- айыл жеринде 1000-3000м