Бирге арзан 1.1

Бирге арзан 1.1

Бирге арзан 1.1

Бүт үй-бүлѳ үчүн үй интернети, мобилдик байланыш жана O!TV!

  • Трафик боюнча чектөөсүз максималдуу ылдамдыктагы үйдөгү интернет үчүн РОУТЕР!
  • О! түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар жана SMS, өлкөнүн башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 10 мүнөт жана айына 30 Гигабайттан Интернет-трафик үчүн 3 SIM-карта
  • «О!TV Премиум» топтому кошулган O!TV мобилдик телевидениеси! 200дѳн ашуун телеканал: балдар, спорт, жаӊылыктар жана башка кѳптѳгѳн каналдар.
  • Үнөмдөөнү дароо азыр баштаңыз! Кошулуу үчүн табыштамаларды төмөнкү номерлер аркылуу калтырыңыз:

*920 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз)

0 509 000 920 (башка мобилдик операторлордун абоненттери үчүн чалуулар алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет).

Бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн комплектти сатып алса, ошондой эле «Бирге арзан 1.1» тарифине кошулса болот.

Жаңы тарифке кошулуу өлкөнүн бардык облустарында жеткиликтүү!

Башкы SIM-картанын гана балансынан тѳлѳнѳт жана айына 1 эле жолу!

Бүтүндѳй комплект үчүн абоненттик тѳлѳм:
айына 1 790 сом.

«Бирге арзан 1.1» тарифин бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен, О!Store дүкөнүнөн сатып алууга жана кошулууга же *920 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) номерине ѳтүнмѳ калтырууга болот. Башка мобилдик операторлордун абоненттери 0 509 000 920 номерине чала алышат (чалуу алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет).

Комплекттин баштапкы баасы 5 290 сом, анын ичинен 3 500 сом – роутердин баасы. Андан кийин 30 күнгө абоненттик төлөмдүн баасы 1 790 сомду түзөт.

Милдеттүү шарт:

«Бирге арзан 1.1» тарифи үчүн абоненттик төлөмдү 1 790 сомдон 1 жылга ай сайын* төлөөгө келишим түзүү керек.

«Бирге арзан 1.1» комплекти 4 SIM-картадан турат:

1. Башкы SIM-карта (1 даана) – SIM-картаны телефондо пайдаланыш керек. Айлык абоненттик төлөм ушул SIM-картадагы номерден алынат. Кошумча номерлерди башкаруу да ушул номерден жүргүзүлөт.

2. Роутер үчүн SIM-карта (1 даана) – Комплекттеги бул SIM-картаны роутерде Интернетке чыгуу үчүн колдонуу керек. Роутер комплекттеги SIM-карта менен гана туура иштей алат.

3. Телефондо колдонуу үчүн кошумча эки SIM-карта (2 даана). SIM-карталарды үй-бүлө мүчөлөрүнө берип койсо болот жана аларды телефондо колдонуу керек.

Топко үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша кошумча 2 SIM-картага чейин дагы кошсо болот: топто роутердеги SIM-карта менен бирге максимум 6 SIM-картага чейин кошуу каралган. "Бирге арзан 1.1" тарифине кошулган учурда базалык комплектте бөлүнгөн номерди (роутер үчүн каралган номерден башка) иштеп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга жол берилет, ал эми номердин улам кийинки алмаштыруусунун баасы 300 сомду түзөт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 300 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 3-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 2 090 сомду түзөт, 4-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 2 390 сом болот.

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 2,8 сом/мүн.
  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана
  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 4,99 сом/мүн.
    • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 2 кошумча) мобилдик интернеттин алгачкы 30 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
    • Роутердеги номер үчүн интернет трафик чектөөсүз максималдуу ылдамдыкта берилет;
    • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс, «Мой О!» мобилдик тиркемесинен же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:

    «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

    «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

    «Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

    «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

  • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «Бирге арзан 1.1» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
  • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
  • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.
  • «Бирге арзан 1.1» тарифтик планынын алкагында Башкы номерде 200 ТВ каналды камтыган «О!TV Премиум» ТВ каналдар топтому каралган. Сүйүктүү ТВ каналдарыӊызды кѳрүү үчүн AppStore (iPhone жана iPad үчүн), Google PlayMarket (Android үчүн) дүкѳндѳрүнѳн тиркемени кѳчүрүп алуу же болбосо www.otv.kg веб-порталына кирүү жетиштүү. Мультискрин функциясынын жардамы менен сервисти үй-бүлѳнүн 5 мүчѳсү бир эле учурда ар башка түзүлүштѳрдѳн (телевизор, планшет же телефон) колдоно алат! О!TV кызматы жѳнүндѳ кененирээк маалымат бул жерде;
  • * 1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 2 500 сомду түзөт.