Кыргызча
<p><strong><span style="color: #f0047f">Пенсионер</span></strong></p>
  • internet20 ГБ
  • call_inАкысыз
  • call_out15 минут
    • Иконка Whatsapp
  • Чексиз WhatsApp
150 c / 30 күнгө

«Пенсионер» жеңилдетилген тарифи менен сиз төмөнкүлөргө ээ болосуз:

  • Жогорку ылдамдыктагы 20 ГБ интернет;

  • Чексиз WhatsApp;

  • КР башка мобилдик тармактарына 15 мүнөт;

  • О! тармагында акысыз чалуулар жана SMS.

Кантип коштуруу керек?
expanded panel icon down

Сиз каалаган O!Store фирмалык дүкөнүнөн учурдагы тарифиңизди «Пенсионер» тарифине алмаштыра аласыз же бул тарифти коштура аласыз. Бул үчүн болгону жаныңызда пенсиялык күбөлүгүңүз жана паспортуңуз бар болушу зарыл. Тарифти коштурууда Кыргыз Республикасынын пенсионери макамын текшерүү жүргүзүлөт. Бул макам тастыкталгандан кийин, абонент тарифке бир нече мүнөттүн ичинде кошулат.

Маанилүү! Бир пенсионер тарифти бир гана номерге коштура алат.

Тариф жөнүндө кененирээк
expanded panel icon down

30 күнгө абоненттик төлөм

150 сом

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

WhatsApp тиркемесин колдонуу

20 ГБ

Чексиз

Башка тармактарга акысыз чалуу*

15 мүнөт

О! тармагында чалуулар жана SMS

0 сом

КРдеги башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS

1,5 сом

Мүмкүн болгон жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү жана башка операторлордун номерлерине акысыз мүнөттөр канча калганын текшерүү үчүн команда

*728*9#

·       Абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 30 күндүн ичиндеги алгачкы 20 ГБ мобилдик интернет мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;

·       Жогорку ылдамдыктагы интернет топтом колдонулгандан кийин 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10 ГБ «Турбобаскычтарды» коштуруп алса болот, алар кезектеги абоненттик төлөм алынганга чейин мобилдик интернетти жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбобаскычтарды» Жеке кабинетте web-интерфейс аркылуу же төмөнкү командалардын жардамы менен коштуруп алууга болот:

«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

«Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

«Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

«Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

 

«Мой О!» тиркемесинде тарифтерди жана кызматтарды башкарып, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыгын текшериңиз жана толук деталдаштырууну алыңыз. Тиркемени азыр дароо жүктөп алыңыз!

Тариф жөнүндө кошумча маалымат
expanded panel icon down

 

  • Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгерде SIM-карта активдештирилген учурдан тартып 30 күндүн ичинде номер каттоодон өткөрүлбөсө, тарифтик планга ылайык, Сизге бардык салыктарды эске алуу менен күнүнө 20 сом төлөнө турган номерди кепилдик менен брондоо мүмкүнчүлүгү берилет. Бул мөөнөт ичинде Сиз номерди каттоодон өткөрө аласыз. Өздүк эсебиңизде 20 сомдон аз сумма калса, оператор кызматты калдыктын суммасына көрсөтүүгө укуктуу. Баланста акча каражаты жок болсо, номериңиз өчөт – SIM-картаңыз деактивацияланат;

  • «Пенсионер» тарифтик планы Кыргыз Республикасынын пенсионерлери үчүн жеткиликтүү;

  • Бир ИСН (ИНН) боюнча «Пенсионер» тарифтик планы менен бир гана SIM-картаны коштурууга болот.

  • Бардык кириш чалуулар акысыз, буга КР стационардык байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге кириш чалуулар кирбейт – сүйлөшүүнүн мүнөтү 4,99 сом;

  • КР стационардык байланыш операторлоруна чыгыш чалуулар – мүнөтүнө 4,99 сом, буга «НК «Кыргыз Темир Жолу» Мамлекеттик Ишканасынын +996-312-92-6x-xx жана +996-312-92-7x-xx стационардык номерлерине чыгыш чалуулар кирбейт, алар боюнча тариф – мүнөтүнө 7,49 сом.

  • Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдуу бирдигин төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттарынын суммасына барабар;

  • «Пенсионер» тарифтик планына кошулганда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;

  • «Пенсионер» тарифтик планынын абоненттери номерди тандап ала алышат жана аны «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык өзгөртө алышат;

  • Эгерде сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулган болсо жана кезектеги бир айлык абоненттик төлөм алынып жаткан учурда балансыңызда каражат жетишсиз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды колдонууга чектөө коюлат, муну менен бирге кызмат боюнча абоненттик төлөм кошулган кызматтын шарттарына ылайык алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү кызматтын эрежелерине ылайык каалаган убакта өчүрүүгө болот;

  • Чыгыш эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. «Пенсионер» тарифтик планына өткөндө автоматтык түрдө «Бүткүл дүйнө!» кызматы кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүргүзүүгө болот;

  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү бул тарифтеги SIM-карта бар смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү түйүнү катары колдонуу үчүн (модем режиминде) – комбо-опцияны акысыз кошуп алыңыз же «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз.

  • Бул тарифтин алкагында интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик автоматтык түрдө резервделет. Мүмкүн болгон жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн адегенде маалыматтарды топтомдук өткөрүүнү өчүрүү керек, андан кийин аппаратты «учуу» режимине которуу жана бул режимден чыгуу керек, андан соң маалыматтарды топтомдук өткөрүүнү күйгүзбөстөн, *728*9# текшерүү командасын терүү керек.

·       Эгерде негизги интернет-топтом 30 күндүн ичинде толук сарпталбаса, анда интернеттин сарпталбаган мегабайттары кийинки мезгилге өткөрүлбөйт;

·       «Пенсионер» тарифин компаниянын каалаган жеткиликтүү тарифине алмаштырууда бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет;

·       Интернетти үзгүлтүксүз колдонууну камсыз кылуу максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгөнгөндөн кийин 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:

∙ 1 ГБ интернет-топтомду колдонуу мөөнөтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү биринчи жолу эсептен чыгаруу аракети болгонго чейин. Колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган көлөмү күйүп кетет;

∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом колдонулгандан кийин дароо берилет. Ошондой эле, алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгөнүп калса, баланста акча каражаты жетиштүү болгон шартта кошумча интернет-топтом кайра берилет;

∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;

∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгө тыюу салууга болот, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлөө кеңсесине же 707 номери аркылуу маалымат алуу кызматына кайрылуу керек;

∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгө салынган тыюуну *745*1# командасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинде алып салууга болот;

∙ Кошумча интернет-топтомду (25 сомго 1 ГБ) кошуунун саны чектелген – бир күндө 5 жолудан көп эмес.

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясатын» (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилинин ичинде (абоненттик төлөм акыркы эсептен чыгарылган же тарифтеги топтомдор жаңыртылган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратып жатса, тутум абонненттик төлөм кийинки жолу эсептен чыгарылганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм эсептен чыгарылган же тарифтеги топтомдор жаңыртылган күндөн тартып интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы – тармактын ресурстары бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүлөт жана ошол учурда мүмкүн болуучу жогорку ылдамдык берилет;

  • «Пенсионер» тарифин колдонуунун алкагында төмөнкү кызматтарды коштуруу мүмкүн эмес: «5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!»( 7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Суперхайп+YouTube», «Чексиз Instagram, Whatsapp, Telegram»;

  • Абоненттик төлөмдүн жана «Турбобаскыч» кызматынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС эсепке албастан көрсөтүлгөн;

  • О! тармагындагы чыгуучу чалуулардын жана КР башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө интервалы – 10 секунд.

 

*КР мобилдик байланыш операторлорунун номерлерине «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (MEGA СМ), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (Beeline СМ), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын (SALAM СМ) номерлери кирет. Наркы алгачкы 15 мүнөт үчүн, ар бир айдагы абоненттик төлөм эсептен чыгарылган (же тарифтеги топтомдор жаңыртылган) учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде жарамдуу. 16-мүнөттөн тартып КРнын башка мобилдик операторлорунун номерлерине 1 мүнөт чалуунун баасы 2,8 сомду түзөт.