Кыргызча
<p><span style="color: rgb(240, 4, 127)"><strong>O!Мамлекеттик</strong></span></p>
  • internet40 ГБ
  • call_inАкысыз
  • call_out20 мүнөт
  • tv-chanells40 ТВ-канал
  • wifi-shareWi-Fi акысыз таратуу
250 c / 4 жума

«О!Мамлекеттик» тарифи менен төмөнкүлөргө ээ боло аласыздар:

  • Максималдуу ылдамдыктагы 40 ГБ интернет;

  • Wi-Fi акысыз таратуу;

  • КР башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 20 мүнөт;

  • О! түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар жана SMS.

Кантип кошулат?
expanded panel icon down

Тарифти кошууда мамлекеттик кызматкердин статусу текшерилет. «О!Мамлекеттик» атайын тарифине кошулуу үчүн «Мой О!» тиркемесинен мамлекеттик кызматкердин* статусун тастыктоо зарыл.  Бул үчүн тиркемени көчүрүңүз же жаңылаңыз, «Тарифтер» менюсуна кирип, ал жерден «Атайын тарифтер» категориясын табыңыз. «О!Мамлекеттик» вкладкасын тандап, төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүү менен атайын форманы толтуруңуз:

Мамлекеттик мекеме жөнүндө маалымат;

  • Облус;

  • Район;

  • Шаар/айыл;

  • Мекеменин аталышы же номери;

  • Фамилиясы;

  • Аты;

  • Атасынын аты (эгер паспортто көрсөтүлгөн болсо);

  • ИНН (14 цифрадан турган жеке номер);

  • Паспорттун номери;

  • Паспорттун маңдайкы жана арткы беттеринин фотосүрөтү;

  • Иштеген жерден берилген маалымкаттын фотосүрөтү.

Мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси боюнча тийиштүү текшерүүдөн өткөн соң, тариф бир күндүн ичинде  «Мой О!» тиркемесинен өтүнмө катталган телефон номерине автоматтык түрдө кошулат.

Маанилүү! Бир мамлекеттик кызматкер тарифти бир эле номерге кошо алат. Мамлекеттик кызматкердин статусу кошумча дагы бир ирет текшерилиши мүмкүн жана Сиздин мамлекеттик кызматкер статусуңуз тастыкталбаса, анда учурда иштеп жаткан «О!Мамлекеттик» тарифинин мөөнөтү аяктагандан кийин тарифиңиз автоматтык түрдө актуалдуу жана топтомдун ичинен абоненттик төлөмү эң төмөн болгон бир жумалык «Переходи на О!» тарифине өткөрүлөт.

*Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелердин, мамлекеттик уюмдардын, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун кызматкерлери.

Тариф тууралуу кененирээк
expanded panel icon down

4 жумага абоненттик төлөм

250 сом

Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

40 ГБ

Башка түйүндөргө акысыз чалуулар*

20 мүнөт

О! түйүнүндө чалуулар жана SMS

0 сом

Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүнүн жана башка операторлордун номерлерине акысыз мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү буйрутмасы

*728*9#

  • Мобилдик интернеттин алгачкы 40 гигабайты тариф үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан тартып, 28 күн (4 жума) бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн;

  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбобаскыч» 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ жана 10 ГБ кызматтарын кошуп алса болот, алар кезектеги абоненттик төлөм алынганга чейин мобилдик интернетти максималдуу ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбобаскычтарды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс аркылуу же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошууга болот:

- «Турбобаскыч 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

- «Турбобаскыч 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

- «Турбобаскыч 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

- «Турбобаскыч 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

 

«Мой О!» мобилдик тиркемесинен тарифти жана кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыгын текшериңиз, толук детализацияны алыңыз. Тиркемени дароо азыр акысыз жүктөп алыңыз!

Тариф тууралуу кошумча маалымат
expanded panel icon down
  • Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгерде номер SIM-картаны тарифтик планыңызга ылайык активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлбөсө, Сизге салыктардын бардыгын эске алуу менен күнүнө 20 сом өлчөмүндө кепилденген ээлеп коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул мөөнөт ичинде Сиз номерди каттоодон өткөрө аласыз. Өздүк эсебиңизде 20 сомдон аз сумма калса, оператор кызматты калдыктын суммасына көрсөтүүгө укуктуу. Баланста акча каражаты жок болсо, номериңиз өчөт – SIM-картаңыз деактивацияланат;

  • «О!Мамлекеттик» тарифтик планы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине жеткиликтүү;

  • Кошуу үчүн бир ИНН боюнча «О!Мамлекеттик» тарифтик планы менен бир гана SIM-карта жеткиликтүү.

  • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар боюнча сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;

  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифтелүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом.

  • Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтөөнүн минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;

  • «О!Мамлекеттик» тарифтик планына кошулууда автоматтык түрдө «Үн почтасы» кызматы кошулат;

  • «О!Мамлекеттик» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык номерди тандап, аны алмаштыра алышат;

  • Эгер сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги ар айлык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, балансыңызда сумма жетишсиз болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. «О!Мамлекеттик» тарифтик планын активдештиргенде, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды ишке ашырууга болот;

  • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү түйүнү катары (модем режиминде) колдонуу толугу менен акысыз жеткиликтүү;

  • Бул тарифтин алкагында чексиз интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик автоматтык түрдө резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтарды топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты «учуу» режимине өткөрүү жана бул режимден чыгуу, андан ары маалыматтарды топтомдук өткөрүүнү күйгүзбөстөн *728*9# текшерүү буйрутмасын терүү зарыл.

  • Эгер негизги интернет-топтом 28 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда сарпталбаган интернеттин мегабайттары кийинки мөөнөткө которулбайт;

  • «О!Мамлекеттик» тарифин компаниянын жеткиликтүү болгон башка тарифине которгон учурда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр менен интернеттин мегабайттары күйүп кетет;

  • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
    ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;

∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салууга болот, бул үчүн  Сатуу жана тейлѳѳ кеӊселеринин бирине же 707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
∙ 
1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну
*745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн;
∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (25 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясатын» (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоненттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат.

  •  «О!Мамлекеттик» тарифи иштеген учурда кийинки кызматтарды кошуу мүмкүн болбойт: «5+5», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Суперхайп+YouTube», «Чексиз Instagram, Whatsapp, Telegram»

  • Абоненттик төлөмдүн баасы жана «Турбобаскыч» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эске алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;

  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

* КРнын башка мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖАК («MEGA» соода маркасы), «СкайМобайл» ЖЧК («Beeline» соода маркасы), «КТ Мобайл» ЖЧК («Salam» соода маркасы) компанияларынын номерлери кирет. Баасы ар айлык абоненттик төлөм алынган учурдан (же тарифтеги топтомдор жаңылангандан) тартып, 28 календардык күндүн ичинде алгачкы 20 мүнөтүнө карата жеткиликтүү. 21- мүнөттөн баштап КРнын башка GSM байланыш операторунун номерлерине сүйлөшүүлөрдүн 1 мүнөтүнүн баасы 2,8 сомду түзөт.