Окуучу

Окуучу

Окуучу

Окуучулар үчүн социалдык тарифтик план

2 айга акысыз байланыш жана мобилдик интернет!

Ар жума сайын төмөнкүлөр жеткиликтүү:

  • Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 2 ГБ интернет;
  • Тапшырмаларды алмашуу, сабактарды жана видеосабактарды текшерүү үчүн ЧЕКСИЗ WhatsApp, Telegram, Skype, Google Classroom жана ZOOM;
  • Видеосабактарды онлайн көрүү үчүн O!TV тиркемесиндеги «O!TV Окутуу» топтомуна АКЫСЫЗ кирүү;
  • «Мой О!» тиркемесинин «Мектеп» бөлүмүнө жана электрондук китептери, сабак жүгүртмөсү жана видеосабактары менен «ЯКласс» билим берүүчү онлайн-ресуруна АКЫСЫЗ кирүү;
  • Дистанциондук окутуунун OKU.EDU.GOV.KG, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg порталдарына АКЫСЫЗ кирүү
Абоненттик төлөм: 0 сом

ОКУУЧУЛАР КАНТИП КОШУЛАТ?

«Окуучу» тарифине кошулуунун 3 варианты бар.

1)   «МОЙ О!» тиркемеси аркылуу аралыктан кошулуу«Окуучу» социалдык тарифине кошулуу үчүн Окуучу «Мой О!» тиркемесинен катталуудан өтүүсү керек. Тиркемени Play Market же AppStore платформасынан жүктөп алыңыз. Эгер тиркеме смартфонуңузда болсо, анда аны кайрадан жаңылашыңыз керек. «Тарифтер» менюсуна киресиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз. «Окуучу үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

• Фамилия;

• Аты;

• Туулган жыл;

• Область/район/калктуу пункт;

• Мектептин номери/аты;

• Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн номери

• Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтү

Тизме боюнча окуучуларды текшерүүдөн өткөргөндөн кийин – тариф бир күндүн ичинде Окуучунун «Мой О!» тиркемесинен катталуу жүргүзгөн телефондун номерине автоматтык түрдө кошулат.

2) Окуучуларды мектеп жетекчилигинин тизмеси менен кошуу.

Мектептин директору же директордун орун басары тарабынан окуучулардын учурдагы колдонуп жаткан телефон номерлери менен берилген тизмеге жараша окуучуларды «Окуучу» тарифтик планына аралыктан кошуп коюу дагы мүмкүн. Тизмелер кол тамга жана мөөр менен күбөлөндүрүлүп, okuuchu@nurtelecom.kg. дарегине жөнөтүлүшү зарыл.

3) Бардык O!Store сатуу жана тейлөө кеңсесинен кошулса болот.

«Окуучу» тарифин баласынын номери ата-энесине жолжобоштурулган болсо, ата-энеси кошо алат. O!Store кеңсесине кайрылганда ата-эненин жанында өзүнүн паспортунун жана окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн болуусу зарыл.

Тарифтик пландын мөөнөтү – окуу жылынын аягына чейин, башкача айтканда 2020-жылдын 1-июнуна чейин (камтуу менен).

Тариф тууралуу кененирээк
Ар 7 күн төмөнкүлөр жеткиликтүү:

Абоненттик төлөм

0 сом

Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы негизги интернет-топтомдун интернет-трафигинин көлөмү

2 ГБ

WhatsApp, Telegram, Skype, Google Classroom жана Zoom мессенжерлерине интернет-трафиктин көлөмү:

Чексиз

Башка түйүндөргө чалуулар*

3,5 сом

О! түйүнүндө чалуулар жана SMS

0 сом

КРнын башка операторлорунун номерлерине SMS

1,50 сом

Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүнүн жана башка операторлордун номерлерине акысыз мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү буйрутмасы

*728*9#


  • Алгачкы 2 гигабайт мобилдик интернет тарифте топтомдор жаңыланган учурдан тартып 7 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка» 1 ГБ, 2 ГБ жана 10 ГБ кызматтарын кошууга болот, алар кезектеги абоненттик төлөмдү алганга (тарифте топтомдор жаңыланганга) чейин мобилдик интернетти максималдуу ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинете», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы аркылуу кошууга болот:

«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

«Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом);

«Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).

«Мой О!» «Мой О!» мобилдик тиркемесинен тариф менен кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыгын текшериңиз, толук детализацияны жана күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр акысыз жүктөп алыңыз!

Тариф тууралуу кошумча маалымат:

  • «Окуучу» тарифтик планы бардык жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларына жеткиликтүү;
  • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү – 3,5 сом;
  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/3,5 сом;
  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;
  • «Окуучу» тарифтик планына кошулууда «Үн почтасы» кызматты автоматтык түрдө кошулат;
  • «Окуучу» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык номерди тандап жана аны алмаштыра алышат;;
  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. «Окуучу» тарифтик планын «Мой О!» тиркемеси аркылуу активдештиргенде, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;
  • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу толугу менен акысыз жеткиликтүү;
  • Бул тарифтин алкагында чексиз интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик автоматтык түрдө резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтарды топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты "учуу" режимине өткөрүү жана бул режимден чыгуу, андан ары маалыматтарды топтомдук өткөрүүнү күйгүзбөстөн *728*9# текшерүү буйрутмасын терүү зарыл;
  • Эгер негизги интернет-топтом 7 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда сарпталбаган интернеттин мегабайттары кийинки мөөнөткө которулат;
  • «Окуучу» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет;
  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоненттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
  • «Окуучу» тарифи иштеп жатканда төмөнкү кызматтарды кошууга болбойт: «5+5», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+»;
  • "Турбокнопка" кызматынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;
  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.
  • *КРнын башка мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын («Megacom» бренди), «СкайМобайл» ЖЧКсынын («Beeline» бренди), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын («Salam» бренди) номерлери кирет.