Чыгуучу SMS: жеткиликтүү эмес*
Чыгуучу чалуулар: жеткиликтүү эмес*
Кирүүчү чалуулар: жеткиликтүү эмес*
Мобилдик интернет: жеткиликтүү эмес*
«Номерди сакта» тарифтик планы номерди колдонбой туруп, аны сактап коюу мүмкүндүгүн берет.
Тарифтик планды активдештирүүнүн баасы (Бардык салыктарды эске алуу менен):
- 150 сом 90 күнгө;
- 600 сом 360 күнгө.
Тарифтик план абоненттик төлөмдү алуу үчүн жетиштүү сумма болгон учурда автоматтык түрдө узартылат.
Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгерде номер SIM-картаны тарифтик планыңызга ылайык активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлбөсө, Сизге салыктардын бардыгын эске алуу менен күнүнө 20 сом өлчөмүндө кепилденген ээлеп коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул мөөнөт ичинде Сиз номерди каттоодон өткөрө аласыз. Өздүк эсебиңизде 20 сомдон аз сумма калса, оператор кызматты калдыктын суммасына көрсөтүүгө укуктуу. Баланста акча каражаты жок болсо, номериңиз өчөт – SIM-картаңыз деактивацияланат;
Эгер абоненттик төлөм алынган учурда балансыңызда каражат жетишсиз болсо, анда тарифтик план убактылуу иштебей калат. Баланстагы жалпы сумма абоненттик төлөмдүн эсебине
резервделет, ал эми жетишпеген сумма баланстан кемитүү белгиси менен (терс баланс) көрсөтүлөт. Номерди сактап калыш үчүн балансты абоненттик төлөмдү алууга жетиштүү суммага толуктоо зарыл.
«Номерди сакта» тарифтик планынын алкагында Роуминг кызматтарынан тышкары, акы төлөнүүчү/акысыз кызматтарды жана акцияларды кошуу жеткиликтүү эмес.
«Номерди сакта» тарифтик планына өтүүдө роуминг кызматтарынан тышкары, мурда кошулган бардык кызматтар өчөт. Роуминг кызматтарынан тышкары, ТП жана кызматтардын алкагында берилген интернет/мүнөттөр топтомунун калдыгы жокко чыгарылат.
Байланыш жана интернет кызматтарын жаңылоо зарылдыгы келип чыкканда каалаган актуалдуу тарифке өтүү зарыл. Тарифтик планды бул жерден тандап алууга болот.
*Кыргыз Республикасынын аймагында кыска номерлерге жана республикалык ыкчам кызматтардын номерлерине чыгуучу чалуулар гана жеткиликтүү. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары роумингден кирүүчү жана чыгуучу чалуулар менен SMS, ошондой эле интернет колдонуу мүмкүндүгү жеткиликтүү болот. Баалардын бардыгы салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.