Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгерде номер SIM-картаны тарифтик планыңызга ылайык активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлбөсө, Сизге салыктардын бардыгын эске алуу менен күнүнө 20 сом өлчөмүндө кепилденген ээлеп коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул мөөнөт ичинде Сиз номерди каттоодон өткөрө аласыз. Өздүк эсебиңизде 20 сомдон аз сумма калса, оператор кызматты калдыктын суммасына көрсөтүүгө укуктуу. Баланста акча каражаты жок болсо, номериңиз өчөт – SIM-картаңыз деактивацияланат;
Тарифтин алкагында интернет шарттарынын туура берилишин камсыздоо максатында тутум тарабынан автоматтык түрдө 30 МБ чейин интернет-трафик резервделет. Эсептеги акча каражаттарынын актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач топтомдук маалымат өткөрүүнү өчүрүп, аппаратты «авиарежимге» которуп, кайра бул режимден чыгуу, андан соң топтомдук маалымат өткөрүүнү күйгүзбөй туруп, *100# балансты текшерүү буйрутмасын терүү зарыл.
Тарифтик планды алмаштыруу (которуу) бардык салыктар эсепке алынганда 150 сомду түзѳт.
Чалуулардын акысыз тарифтештирилген босогосу 3 секундага чейин.
Абоненттик төлөм – акысыз.
Түз эмес болгон номерлерге сырттан келген бардык чалуулар (префикс 500, 501, 502, 505, 507, 508, 509, 700, 701, 702, 703, 704, 706, 707, 708, 709) – акысыз.
КРнын стационардык телефондорун эсепке албаганда түз номерге (префикс 0705) чалуулар акысыз.
Түз номерге стационардык телефондордон чалуулар – мүнөтүнө 3,5 сом.
Акы тѳлѳнүүчү байланыш кызматтарын ѳчүрүү босогосу тарифтештирүүнүн минималдуу бирдигин тѳлѳѳ үчүн зарыл болгон акча каражатынын ѳлчѳмүнѳ барабар.
Тарифтик планга кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтуу түрдө жана акысыз активдештирилет.
«Оңой+» тарифтик планында «5+5» кызматы автоматтык кошулган, анын чегинде абоненттерге күн сайын О! түйүн ичинде 5 акысыз мүнөт жана 5 акысыз SMS берилет.
«5+5» кызматын пайдалангандыгы үчүн күнүмдүк абоненттик төлөм бардык салыктарды эсепке алуу менен суткасына 5 сомду түзөт. Учурдагы суткалар үчүн абоненттик төлөмдү алуу түйүн ичинде болгон учурларда – О! түйүн ичинде чыгуучу чалууда же SMS жөнөтүүдө жүргүзүлөт. Эгер учурдагы суткаларда түйүн ичинде болгон учурлар жок болсо, «5+5» кызматы боюнча абоненттик төлөм алынбайт.
«5+5» кызматынын чегиндеги түйүн ичинде акысыз чыгуучу чалуулар жана SMS абоненттин балансында 10 (он) сомго барабар же андан көп сумма болгондо жеткиликтүү. Абоненттин балансында 10 (он) сомдон аз сумма болсо, абонентке тарифтик пландын шарттарына ылайык тарифтелүүчү байланыш кызматтары гана жеткиликтүү болот.
«5+5» кызматын кошуу үчүн *505#, өчүрүү үчүн *505*0# терүү керек.
*Кыргыз Республикасынын башка мобилдик операторлорунун номерлерине «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom бренди), «Скай Мобайл» ЖЧК (Beeline бренди), «КТ Мобайл» ЖЧК (SALAM бренди) номерлери кирет.
**Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифтештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалуулардан башка.