Пайдалуу чексиз 4G

Пайдалуу чексиз 4G

940x250_ внутренняя картинка ru.png
Роутер жана модемдер үчүн ыңгайлуу жана суперпайдалуу тариф – өлкөнүн ири 4G LTE түйүнүндөгү башка түзүлүштөргө Wi-Fi таратыңыз!

Тарифтин баасы:
790/4900 сом

Мөөнөтү:
30/360 күн

Тарифти көрсөтүү шарттары:
  • Тарифти 30 күнгө активдештирүүнүн баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 790 сом. Тарифтин мөөнөтү бүткөнгө чейин чексиз мобилдик интернет трафик боюнча чектөөсүз берилет;
  • Тариф активдештирилген учурдан тартып, автоматтык түрдө 30 күнгө узартылат;
  • Тарифтин алкагында O!TV кызматын кошуу мүмкүн эмес;
  • Тарифти активдештирүүнүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен 4900 сомду түзөт. 360 күн аяктагандан кийин, автоматтык түрдө «Пайдалуу чексиз 4G» тарифинин шарттары иштей баштайт;
  • «Менин О!» мобилдик тиркемеси жана Жеке кабинет аркылуу балансты текшерсе жана тарифти башкарса болот, ага кирүү тарифтештирилбейт жана баланстын бардык түрүнө ачык;
  • Эгер мурун Non stop, 2ГБ, 4ГБ, 6 Гб, «Алга Интернет + O!TV», «Алга Интернет», «Үй интернети», «7/ 30 күнгө Чексиз 4G + O!TV», «360 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифтери кошулган болсо, анда «Пайдалуу чексиз 4G» тарифин кошуу мүмкүн. Мында жогоруда көрсөтүлгөн тарифтердин шарттары өчүрүлөт, колдонулбаган интернет-трафиктин топтому жок кылынат жана интернеттин тарифтештирүүсү «Пайдалуу чексиз 4G» тарифинин шарттарына ылайык жүргүзүлөт;
  • «Пайдалуу чексиз 4G» тарифинен «Алга Интернет + O!TV», «Алга Интернет», «Үй интернети», «360 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифтерине гана өтсө болот, мында жогоруда көрсөтүлгөн тарифтердин шарттары өчүрүлөт, колдонулбаган интернет-трафиктин топтому жок кылынат;
  • 30/360 күнгө активдештирүүдөн же тарифти кезектеги узартуудан кийин абоненттик төлөмдү алуу үчүн баланста жеткиликтүү каражат болбогон учурда тарифтин иштеши баланс абоненттик төлөмдү алууга жете тургандай суммага толукталганга чейин токтотулуп турат, толукталган соң тарифтин мөөнөтү кийинки 30 күнгө узартылат;
  • Маалыматтарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында 4G, 3G жана 2G түйүндөрүндө жеткиликтүү;
  • Бардык кардарларын интернет менен жайлуу камсыздоо максатында компанияда трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясаты" (FUP - Fair Usage Policy) колдонулуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
  • Бул тариф маалыматтарды өткөрүү жана интернет үчүн гана арналган. Добуштук байланыш кызматы, ошондой эле SMS жеткиликсиз.
  • Активдүү режим — акыркы тарифтештирилген окуяны ишке ашырган учурдан баштап 180 күн.