Жогорку ылдамдыктагы 6 ГБ, андан кийин чексиз интернет
О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS
КРнын башка мобилдик түйүндөрүнѳ 5 мүнөт 10 мүнөт
КРнын башка мобилдик түйүндөрүнѳ 15 мүнөт
Абоненттик төлөм 7 күнгө | 75 сом |
Мобилдик интернет | Чексиз |
Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү | 6 Гб |
КР башка байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар** | 15 м |
О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар жана SMS* | 0 сом |
КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS** | 1,50 сом |
Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма | *728*9# |
КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (бренд «Megacom»), «СкайМобайл» ЖЧКсынын (бренд «Beeline») номерлери кирет.
«О!го которул Түштүк+» тарифтик планынын чегинде чексиз интернет берилет. Алгачкы 6 гигабайт мобилдик интернет абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 күндүн ичинде мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Тарифтин чегинде жума сайын берилчү жогорку ылдамдыктагы интернет-топтомдон ашкан учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
Турбокнопканы кошуу «Жеке кабинеттеги» интерфейсте, WEB-интерфейстин жардамы менен же USSD-буйрутмасы: «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);
«О!го которул Түштүк+» тарифтик планы алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;
Жогорку ылдамдыктагы акысыз Интернет трафик Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймактарында гана иштейт. «О! го которул Түштүк+» тарифине кошулган абонент ушул аймактан тышкары жүргөндө, интернеттин ылдамдыгы азайтылат;
КР боюнча узактыгы 3 с чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
«О!го которул Түштүк» тарифиндеги SIM-картанын баштапкы балансы – 0 сом;
Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом
Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;
Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;
О!го которул Түштүк+» тарифтик планына кошулганда, «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат. «Үн почтасы» кызматты жөнүндө кенен маалымат бул жерде;
«О!го которул Түштүк+» тарифтик планындагы абоненттер каалаган номерди тандаса болот жана «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерин алмаштырса болот. «Менин жаңы номерим» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;
Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, абоненттин балансында 105 сомдон кем эмес сумма болсо, абоненттин балансындагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек. Бир жумалык абоненттик төлөм толугу менен алынгандан кийин чыгуучу байланыш кызматтарын берүү жана интернетке кирүү калыбына келтирилет;
Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 20 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 20 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (20 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.
Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясатын» (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатан учурда, баланста 105 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот.
Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү. Эл аралык байланыш кызматтары жөнүндө кенен маалымат бул жерде;
«О!го которул Түштүк+»тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «О!го которул Түштүк+» тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот. «Бүткүл дүйнө» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;
Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз. «Интернет тарат!» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;
Абонент 7 күндүн ичинде мобилдик интернеттин топтомун сарптабаса, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мобилдик интернеттин мегабайттары күйүп кетет.
«О!го которул Түштүк+» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алдамштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттар күйүп кетет. Мында «О!го которул Түштүк»тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт.
«О!го которул Түштүк+» иштеп жатканда «5+5», «Автотөлөм», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң» (30 күн), «Сенин нөлүң (7 күн)», «Сенин нөлүң белекке», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик», «Smart 300», «Smart 1000», «SmartUnlim», «Smart 300 белекке», «Smart 1000 белекке», «SmartUnlim белекке» жана «Планшет Unlim» кызматтарын кошууга болбойт.
Бир жумалык абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү.
О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын, эл аралык чыгуучу чалуулардын тартифтөө кадамы – 10 секунда, КР башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.
* Наркы алгачкы 15 мүнөт үчүн бир жумалык абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 календарлык күндүн ичинде жарамдуу. 16- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик GSM байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 4,9 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 15 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.
**«О!го которул Түштүк+» тарифтик планынын чегинде О! түйүнүндө (тарифтештирилбеген) жеңилдетилген чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:
17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар - 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);
00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар - 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);
17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;
00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган учурда тарифтештирүү шарттары төмөнкүдөй аткарылат, чалуунун 1 мүнөт баасы 1,18 сом, 1 SMS жөнөтүү баасы 1,50 сом.